Колдонуучу катары кирүү
 
 
 
Жарыялар
   
Кара-Көлдө 5 дарыгер кайрадан ишке чыгышты
12:26, 11-декабрь 2019
Кара-Көлдө 5 дарыгер кайрадан ишке чыгышты

Б.Рысбеков атындагы ЖДПБнун батирлеринин акчасы чечилбегендигине байланыштуу 5 дарыгер арыз жазып кеткенге мажбур болушкан. Анткени алардын көпчүлүгү жергиликтүү жашоочулар эмес. 

Интернет булактарында айтып чыккандай ооруканын директору Ырысбеков А.А. "5 дарыгерди алып калганга колуман келишинче аракеттеримди жумшайм" деген сөзүнө турду. Бүгүн арыз жазып кеткен дарыгерлер менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, жыйынтыгы ийгиликтер менен коштолгон. Дарыгерлер өз ордунда, эл үчүн кызмат кылууга киришишти.

Батирлер боюнча жергиликтүү бийлик менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. Дарыгерлер гинеколог Турдуманбетова М.У., хирург Абдыкадыров Ж.М., акушер-гинеколог Шүкүрбек уулу Ж., офтальмолог-лор Джунусбаев А.М., окулист Турдубаева Р.Т., үй-бүлөлүк дабагер, гинеколог Мурзапаязова У.Д. батирдин ижара акысы менен камсыз болот деген үмүттөбүз.  

 
Кароолор (1018)
 
 

 

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз

 



Top.Mail.Ru