Колдонуучу катары кирүү
 
 
 
Жарыялар
   
Тогуз-Торо жетекчилери мектепте ата-энелер жана окуучулар менен жолугушушту
17:22, 11-декабрь 2019
Тогуз-Торо жетекчилери мектепте ата-энелер жана окуучулар менен жолугушушту

Тогуз-Торо районунун аймагында жаш өспүрүмдөр арасында топтошуп мушташуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу максатында №2 А.Абдраимов атындагы орто мектебинде тегерек стол болуп өттү. Ага район акими А.Кожошов, РИИБдин начальниги Т.Сабырканов, райондук соттун судьясы А.Төлөнбаев, прокурордун жардамчысы Д.Асанов, билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.Иманбердиев, мектеп мугалимдери, ата-энелер жана окуучулар катышышты. Тегерек столдо учурдун көйгөйлүү маселери талкууга алынды. Милиция кызматкерлери тарабынан окуучуларга эрте турмушка чыгуу, тамеки тартуу, спирт ичимдиктеринин зыяндуулугу тууралуу маалыматтар берилди. Ошондой эле ата-энелер мектептен сырткары өз балдарын ар дайым көзөмөлгө алуу керектиги айтылып, алардын туура жолго түшүүсүнө өбөлгө түзүү керектиги белгиленди. Мындан сырткары окуучуларды мыкты билим алып, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошуп, ар кандай кырсык, кылмыштардан алыс болууга үндөштү.  

Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы

 
Кароолор (141)
 
 

 

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз

 



Top.Mail.Ru