Колдонуучу катары кирүү
 
 
 
Жарыялар
   
Стамбул шаарын багындырган Элиза
08:38, 13-декабрь 2019
Стамбул шаарын багындырган Элиза

Бизди сүйүндүрүп, кубантып, сыймыктантып жаштарга дем күч бере турган дагы бир Кара-Көл шаарыбыздын тургуну Элиза Мамыраимова. Бул кызыбыз өз эмгеги, ишине болгон сүйүүсү менен Кыргызстан эмес Түркияны багындырган жаштарыбыздын бири. Көп жылдан бери Түркияда иштеп өз бизнесин ачкан Элиза менен маектештик.

"Адам өзүнө ишенсе, эмгегин сүйсө, талыкпай, оор сыноолорго сынбай умтулса, алдыга койгон бардык максаттарга жеткенге мүмкүн!"

- Кара-Көл шаарында 1989-жылы төрөлгөм, жөнөкөй үй-бүлөдө чоңойдум. Т.Сатылганов атындагы №1-орто мектебин аяктап, кийин колледжге тапшырып педогогикалык билим алгам. Бирок кыялым башка болгондуктан шаарга кетүүнү көздөп, ал жактан көптөгөн чачтарач курстарын аяктап, Бишкек, Стамбул шаарларында тажрыйба чогултуп көп жыл иштедим. Бирден бир кыялым өз бизнесимди ачып иштетүүнү көздөчүмүн. Бул тармакта көптөн бери иштегендер мени жакшы түшүнсө керек. Жашоодо кандай гана кыйынчылыктар болбосун өз кесибимди сүйүп, талыкпай мээнет кылып гана өз кыялыма жеттим десем болот.  Учурда Түркия өлкөсүндөгү Стамбул шаарында өз күч аракетим менен "Eliza women hair design" аттуу сулуулук салонун ачканга үлгүрүп, ийгиликтүү иш алып барам. Салондо кыз кишиге тиешелүү бардык кызматтар бар. Салондо 3-4 кызматкерим бар. Баары жакшы.

"Жаштарга айтарым кандай гана кыйынчылыктар болбосун алдыга койгон максатыңардан баш тартпагыла"

Жаштарга айтарым окуп билим алуу, ар тараптан өзүн изденип, кесибин таап талыкпай кызмат кылуу керек. Эмгек кылуу менен гана өзүң эңсеген жакшы жашоого жетүүгө мүмкүн. Сөзсүз түрдө алдыга план түзүп, ошол пландын ар бир пунктун аткарганга үлгүрүү керек. Тактап айтып кетүүчү нерсе билим бардык тармакта маанилүү. Күндөн-күнгө заманыбыз өзгөрүп технология өрчүп турган учур, иштеп дагы билим алууга дагы жетишүүгө болот деп сиздерди ишендире алам.

 

Маектешкен Эльбиза Чыбыкеева

 
Кароолор (893)
 
 

 

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз

 



Top.Mail.Ru