Колдонуучу катары кирүү
 
 
 
Жарыялар
   

Биздин долбоорду колдоп, достор менен бөлүшүңүздөр

 

Энергетикага 40 жылын арнаган Дуйшебаев Ш.Т.
16:18, 21-декабрь 2019
Энергетикага 40 жылын арнаган Дуйшебаев Ш.Т.

-Саламатсызбы! Өзүңүз тууралуу айта кетсеңиз.

- Саламатчылык. Мен өзүм тууралуу айта кете турган болсом. Мен 1954-жылы Өзбекстандын Наманган областында төрөлгөм. 1959-жылы Шамалды-Сайга көчүп келип, ал жерде 4-классты аяктап, 1964-жылы май айларында Кара-Көл шаарына көчүп келгенбиз. Ошол бойдон Кара-Көл шаарынын тургунумун десем болот.

-Үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз.

- Үй-бүлөлүүмүн, кемпирим экөөбүздүн жашаганыбызга 42 жылдын жүзү болду. 3 уул, 1 кыздын, 11 неберенин бактылуу ата-эне, чоң-ата, чоң эне, таята, таенесибиз. 4 балам тең “энергетика” тармагын аякташкан. Менин жолумду жолдошкон 1 кызым А.Дуйшебаева Камбар-Ата ГЭСинде пультта кызмат кылат, 1 уулум У.Дуйшебаев Токтогул ГЭСинде пультта иштейт. 2 уулум такыр башка тармакта кызмат кылышат.

- Эми ишиңиз тууралуу айтсаңыз. Эмне үчүн энергетика тармагын тандап калгансыз?

 -Эмне үчүн дегенде апам, атам дагы энергетика тармагында кызмат кылган.  Мен айтпадымбы Кара-Көл шаарына 5-класста келгем деп, ошол жылдары бул тармак жаңыдан каралып баардык ГЭСтер, линиялар тартылып жаткан учур болчу, ошондо эле кызыгуум пайда болгон. Окууну бүтүргөндөн эле иштеп баштагам өзү, бардык иш тажрыйбамды кошкондо 46-жыл болот. 1970-1972-жылдары Негизги Структура бөлүмүндө (УОС) чоң бетондук заводдо иштегем, андан соң 1972-1974-жылдары Германияда СССРдин аскерлер тобунда кызмат өтөгөм. 1974-жылы келип Фрунзе шаарында Политехникалык институтуна тапшыргам. Окууну 1979-жылы аяктап Кара-Көл шаарыбызга келип  “Энергетика” тармагынын бардык баскычтарын басып өткөм. Биринчи Токтогул ГЭСтин турбиналык залында нөөмөтчү болгом, шаймандарын орнотуучу монтёру, нөөмөт башчысы, цехтин мастери, электроцехтин башчысы, Токтогул ГЭСин, Крупсай ГЭСин жетектеп көп иштеп, андан соң Каскаддын жетекчилигинде ПТО бөлүмүнүн башчысы болуп кызматтанып пенсияга кеттим.

-Ушунча жыл кызмат кылып эмгегиңиз сиңип калган жумушуңузду таштап пенсияга кетиш кыйынчылыкка турган жокпу?

- Андай деле кыйын болгон жок, жашың өткөндөн кийин өзүң деле чарчап пенсияга даяр эле болуп калат экенсиң. Жашообуздун көпчүлүк учурун ушул энергетикага жумшап, дагы деле Каскаддын сыйын көрүп келебиз. Кандай гана майрам болбосун бизди пенционерлерди Каскад ардагерлери катары чакырып, дайыма сыйын көрсөтүшөт. Бул нерсе көңүл да, бизди эстеп тургандары абдан кубандырат.

- Сиздин жолуңузду жолдогон балдарыңыз тууралуу айта кетсеңиз.

-Менин жолумду жолдоп келе жаткандары үчүн абдан сыймыктанам. “Устаттан шакирти өтөт” дегендей балдарымды менден ашык болушун каалайм.

-Сизге чоң ыракмат маегиңизге! Сөзүбүздү жыйынтыктап жатып  ушул “Энергетика” тармагына жаңы келе жаткан жаш адистерге кандай кеңеш айтат элеңиз.

-Ар бир келген, ушул тармакка жаңы аттанган жаш адистерге так иштеп өз кесибинин ээси болуусун каалайт элем!

 

Маектешкен Эльбиза Чыбыкеева

 
Кароолор (374)
 
 

 

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз

 



Top.Mail.Ru