Колдонуучу катары кирүү
 
 
 
Жарыялар
   

Биздин долбоорду колдоп, достор менен бөлүшүңүздөр

 

Милиция тарабынан жаңы жылга карата түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө
15:41, 24-декабрь 2019
Милиция тарабынан жаңы жылга карата түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

2020-жаңы жыл жакындаган сайын Жалал-Абад областынынын милиция кызматкерлери эл аралап, ар кандай кырсыктардын алдын алуу максатында түшүндүрүү иштерин алып барышууда.

Кара-Көл ШИИБнин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери шаар аймагындагы 8 мектепте  жана №89 кесиптик лицейинде жаштар менен жолугушууларды өткөрүштү. Кылмыштуулуктун алдын алуу, жаңы жылдык фейерверктерден пайда болгон ар түрдүү кырсыктарды болтурбоо максатында үгүт-насаат иштери уюштурулду. Ар бир окуучу менен тыгыз кызматташып, көйгөйлөрүн түз угуп туруу үчүн милиция кызматкерлери ишеним телефондорун, өздөрүнүн жеке байланыш номерлерин таркатып беришти. Жолугушуунун жүрүшүндө мектеп окуучулары менен суроо-жооп форматында кенен маектешүү орун алып, жаштар кызыктырган суроолоруна жоопторду ала алышты.

Ушундай эле жолугушуу Ноокен РИИБнин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан да өткөрүлдү. Жолугушууларга ата-энелер да чакырылып, жаңы жылга карата майрамдык кечелерди өткөрбөө, түнкү убакытта балдарын көчөгө чыгарбоо керектиги айтылды. Жаштар арасында кылмыштуулуктун, укук бузуулардын, мектеп рекетчилиги жана топтошуп мушташууларды болтурбоо максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ата-энелерге эрте турмушка чыгуунун терс жактары тууралуу маалыматтар берилип, бул сыяктуу коомдогу жат көрүнүштөрдүн алдын алууда көмөктөшүүгө чакырышты.

Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы

 
Кароолор (209)
 
 

 

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз

 



Top.Mail.Ru