Колдонуучу катары кирүү
 
 
 
Жарыялар
   

Биздин долбоорду колдоп, достор менен бөлүшүңүздөр

 

Кара-Көл шаарына Норвегиянын тургуну Элиана Барк Александровна акысыз балет ийримин уюштуруу тууралуу мэр менен жолугушту
14:12, 23-январь 2020
Кара-Көл шаарына Норвегиянын тургуну Элиана Барк Александровна акысыз балет ийримин уюштуруу тууралуу мэр менен жолугушту

Норвегиянын тургуну Элиана Барк Александровна Кара-Көл шаарына акысыз балет ийримин уюштуруу боюнча мэр менен жолугушту. Азыркы учурда ийримге болжол менен 160 бала катталды. Бирок бул балдардын арасынан дагы, балет илиминин талаптарына жооп берген балдарды өздөрү тандап алышат. Катышуучулар жаш боюнча ар топторго бөлүнүп, ырааттама түзүлүп ошол боюнча дүйшөмбүдөн жумага чейин өткөрүлө турган болду. Элиана Барк Александровна балдарды февралдан май айларына чейин окута турган болду.  Анан кайра окуу жылы башталган соң сентябрь айынан, ар кандай кароо сынактарга даярдайбыз деген пландар бар. Атайын балетте кийилүүчү формаларын Элиана Александровна жардам катары өз мойнуна алат. Кара-Көл шаарыбыздын мэри бул иш чараны толугу менен колдоп, шаар тургундарына жакшы өбөлгө экенин баса белгилей кетти.

 
Кароолор (1493)
 
 

 

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз

 



Top.Mail.Ru