Колдонуучу катары кирүү
 
 
 
Жарыялар
   
Өкмөт: Кыргызстанда коронавирус жугузгандар катталган жок (видео)
09:06, 28-январь 2020
Өкмөт: Кыргызстанда коронавирус жугузгандар катталган жок (видео)

Кыргызстандын аймагында коронавирус жугузгандар катталган жок. Оорунун алдын алуу боюнча ыкчам штаб түзүлдү. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 27-январда өкмөттүк жыйында айтты:

- Аэропорттордо адамдын дене табын текшерүүчү тепловизорлор колдонулууда. Кошуна мамлекеттер менен чек арада кошумча 22 көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде санитардык көзөмөл пункттары уюштурулду. 23-январдан баштап Кытай менен каттам токтоду. «Торугарт» жана «Эркечтам» бекеттери Кытайдагы Жаңы жылга байланыштуу жабылат, бирок биз чектөөнү күчөттүк. Ал жерде адамдардын кыймыл-аракети да, өндүрүм ташып келүү да токтоду.

Кытай бийлиги оору күчөп баратканына тынчсызданууда. Маалыматтарга караганда, өпкөнү сезгентүүчү вирус тездик менен жайылып, Кытайдын өзүндө эле 2300дөй киши ооруга чалдыкты. Өлгөн адамдардын саны 80ге жетти.

АКШда, Таиландда, Түштүк Кореяда, Австралияда, Канадада жана Францияда вирус жугузган адамдар аныкталды. Кытай лидери Си Цзиньпиң жаңы жылдык куттуктоо учурунда вирус көзөмөлдөн чыкканын, абал оорлошуп баратканын моюнга алды. Кытайдын бир топ ири шаарларында коомдук транспорт токтоп, элдин ары-бери барышына чектөө киргизилди. (BTo)

* azattyk.org

 
 
Кароолор (220)
 
 

 

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз

 



Top.Mail.Ru