Колдонуучу катары кирүү
 
 
 
Жарыялар
   

Биздин долбоорду колдоп, достор менен бөлүшүңүздөр

 

Гепатит эмнеден пайда болот? Кантип сактанабыз?
10:20, 30-январь 2020
Гепатит эмнеден пайда болот? Кантип сактанабыз?

Кара-Көл шаардык Б.Рысбеков атындагы ЖДПБнун башкы жугуштуу оорулар бөлүмүн жогорку категориядагы дарыгери Качкынбаева Насират Абдыкеримовна менен маектештик.

- Гепатиттер боюнча кыскача маалымат бере кетсеңиз. Кандай түрлөрү бар, кандай жолдор аркылуу жугат?

 - Вирустук гепатит, деги эле гепатит деген сөз бул боордун сезгенүүсү деп эсептелинет. Сезгенүүсү ар кандай жолдор аркылуу берилиши мүмкүн. Мисалы: вирус, аутоиммундук гепатит – бул аллергиялык гепатит, өзүнүн клеткалары өзүнө каршы иштеп баштаганы. Уулану жолу менен табылган гепатит, боорду май басуу гепатити, алкоголь, ар кандай зыяндуу заттар аркылуу ууланган гепатиттер дагы бар. Бирок силер сурап жаткан вирустук гепатиттер, бизге белгилүүлөрү “А”, “В”, “E”, “С” жана “D”. Булардын жугуу жолдору экиге бөлүнөт, заӊ – ооз аркылуу жугуу жана парентералдык болуп. Турмуштук шартта эле жуга турчу вирусту биз заң-ооз аркылуу жугууну айтабыз, буга гепатит “А” жана “Е”. Гепатит “Е”си болсо көбүнчө кир суу аркылуу жугат, мисал келтире тураган болсок суунун жээгинде жайгашкан аймактарда. 1988-1989-жылдары гепатит “Е” Кара-Көл, Таш-Көмүрдө абдан көп чыккан. Дарттын дагы бир жаман кесепети бул боюнда бар аялдарды жана болочок балага зыяны чоң, кош бойлуу мезгилдин 1-2 бөлүгүндө эмес 3-бөлүгүндө катуу залакасын энеге, балага дагы тийгизет. Кокус боюнан түшө турган болсо эненин өлүмүнө алып келүү коркунучу жогору. Ошол себептерден гепатит “Е” кош бойлуу айымдар үчүн өтө коркунучтуу деп эсептейбиз. Ал эми гепатит “А” жөнүндө айта кете турган болсок,бул ооруну кир колдордун оорусу деп дагы аташат. Алсак, бул дартка көбүнчө дааратканадан же сырттан келгенде кол жуубаган, кайнатылбаган суу ичкен, мөмө-жемишти жууп жебеген адамдар кабылат. Гепатит “А” менен биз көбүнчө жаш балдар болот дечүбүз, тилекке каршы акыркы учурларда чоңдор дагы түшө башташты. Калк арасында сарык деп дагы аталат. Ар бир жугуштуу оорунун инкубациялык мезгили болот. Гепатит “А” 7 күндөн 50 күнгө чейин кээ бирде 1 айга созулуп кетет. Инкубациялык мезгил деп организмге жугуштуу оорунун козгогучу киргенден баштап, дарттын алгачкы белгиси билингенге чейинки мезгилди айтабыз. Ал эми гепатит “Е” болсо 15-40 күндөн 1 айга чейин болот. Гепатиттер өзү циклдык агымдары бар, инкубациялык мезгил, сарылыгы чыга элек, сарылыгы чыккан, айыккан мегилдерге бөлүнүп өтөт. Инкубациялык мезгиден кийин сарылыгы чыга элек мезгил ичи ооруп, тамакка табити жок, алсыроо менен коштолуп, заарасы кызарып, коюу демделген чайдын өңүнө айланат, ал эми чоң заарасы ак түскө бойолот. Ошентип отуруп 3-7 күнгө чейин созулуп, кээ бир учурларда 14 күнгө дагы баршы мүмкүн. Ал эми сарылыгы чыккан мезгиде өңдөрү саргайып баштайт, бирок ушул сарылыгы чыгып баштагандан тарта бейтаптын температурасы түшүп, тамакка табити пайда болуп, маанайы бир аз болсо дагы көтөрүлүп өзүн жакшы сезе баштайт. Бирок бул учурда гепатиттин клиникалары кетпейт, дагы деле өңдөрү саргайып, заарасы кызарып, алсыроо, ичи ооруп турушу мүмкүн. Айтып жаткан сарылык мезгил 2 жумага чейин, кээ бирлери андан азыраак убакытты талап кылат. Баланын жалпы абалы жакшы боло баштайт.

- Гепатиттин “А” түрү эң жеңил түрү деп дагы айтылат экен. Кээ бир учурларда билинбей өтүп кетет дешет, бул канчалык чындыкка жакын?

- Ооба, кээ бир учурларда сасык тумоо сыяктуу болуп эле сарылыгы сыртка чыкпай өтүп кетиши мүмкүн. Бирок эң негизгиси ушулар коркунуч жаратышат, себеби дегенде бул дарт менен жалаң гана адамдар ооруп, адамдан адамга жугузуу коркунучу көп. Анкени бул вирус сырткы чөйрөдө 1 айга чейин сакталат. Гепатит “А” менен адам бир жолу ооруса өмүр бою иммунитет болуп калат. Гепатит “А” өнөкөт ооруга алып келбейт.

- Гепатит “А” менен балалык кезинде ооруса жеңил өтөт дагы, ал эми улуу адамдарда оор болуп, кээ бир учурларда өлүмгө дагы алып келет дешет.

- Гепатит “А”нын деле оор формалары бар. Бул деле боордун энцефалопатиясына алып келет. Бизде дагы ушундай окуя болгон, 1996-97- жылдары бир кызыбыз апасы сырткы миграцияда болуп, атасы карап жаткан. Атасына биз канча жолу беседа кылып баарын түшүндүрүп отурсак дагы, ошолго карабастан диетаны карматпай куурулган картошка, эт, майлуу тамактарды бекинип жешип ошондон бала гепатит “А”дан боордун энцефалопатиясына чалдыгып, тилекке каршы көз жумган. Мындан дагы көз жумган учурлар кездешпей койбойт. Бардыгы эле жеңил формада өтөт деген дагы туура эмес болуп калат, бирок гепатиттин башка түрлөрүнө салыштырмалуу жеңил деп айтылат. 

- Тамакты мүнөздөп ичүүнү канча убакытка карманыш керек.

- Бизде Кыргызстанда Гепатит “А”нын жеңил жана орточо формаларын сырттан дарыланат (үйдө), ал эми оор формасы болсо ооруканага жатып дарыланышат. Үйдө болобу же ооруканада болобу Гепатит “А”нын эң негизги терапиялары болуп бул режимди сактоо жана мүнөздөп тамактануу керек. Мисалы: көп баспоо, өз убагында жатуу, тамакты мүнөздөп ичүү, күнүнө суюктукту 2-3 литрге чейин ичүү, туздалган, ышталган, куурулган, шоколад, майлуу тамактардан баш тартуу керек. Эмне жеш керек буларга: сүт азыктары, сүт ботколору, жеңил тамактар, компот, быштак, бадыраң, алма, жүзүм, банан кирет.

         Ооруканадан чыккандан кийин балдарды мектепке, бала бакчага, чоң адамды дагы 2 жума жумушка жөнөтпөйбүз. Балдар дене тарбия сабактарынан 6 айга чейин бошотулушат. Булар 6 айга чейин медициналык текшерүүдөн өтүп турушат. 6 айга чейин УЗИ, боор тесттерин, вируска текшерилүүчү анализдерди тапшырып турушат. Ошолордун бардыгы жакшы болсо эсептен алынат.

- Гепатит “А”дан “В”га өтөбү? Бул чындыкпы же ойдон чыгарылган уламышпы?

- Андай эч убакта болбойт. Ар бир вирустун өзүнүн жугуу жолдору бар, гепатит “А” менен ооруган гепатит “В” менен ооруп калышы мүмкүн, эгерде гепатит “В” вирусу жукса. Эч качан гепатит “А” “В”га, “В”дан “С”га, “D”гаөтпөйт. Ар бир гепатиттин өзүнүн жугуу жолдору бар.  Гепатит “В”, “С”, “D” парентералдык жугуу жолдоруна кирет. Гепатит “А” бул башка оору, гепатит “В” бул такыр башка оору.

- Гепатит “В” жана “С” түрүнүн жугуу жолдору.

- Дени соо адамдын организимине гепатит менен ооруган оорулуу же алып жүрүүчүдөн булганган кан келип түшкөн учурда жугат. Мисалы:

  • Ийне аркылуу баңги колдонуучулардын арасында жалпы шприц жана ийне пайдаланган учурда;
  • стерилденбеген аспаптар менен медициналык манипуляция жасаган учурларда, текшерүүдөн өткөрүлбөгөн кан жана анын компоненттерин башка адамга куйганда;
  • устара жана маникюр аспаптарын, тиш щеткаларын чогуу колдонгон учурда;
  • стерилденбеген ийнелер менен татуировка жасоо, ийне саюу, кулакты көзөтүүдө;
  • корголбогон жыныстык катнаш учурунда (презервативсиз). Капысынан болгон байланыштарга барган же бир нече жыныстык өнөктөшү бар адамдарга жугузуп алуу мүмкүнчүлүгү жогору.

“В” жана “С” гепатитинин энеден балага жугуусу көп кездеше бербейт. Эгерде кош бойлуу аялда вирустун активдүү формасы болсо же кош бойлуулуктун акыркы айларында курч гепатит менен ооруган болсо коркунучу жогорулайт.

Эмчек эмизүүгө болот, мындай жол менен жугуу пайызы төмөн.

- Гепатит “В” чоң адамдар менен балдарга кандай коркунучутары бар?

-Гепатит “В” чоң адамдарга дагы, балдарга дагы коркунучу жогору.

- Гепатит “В”га кичинекей кезинде кабыла турган болсо балдарга өтө коркунучтуу дешет. Кээ бир учурларда өлүмгө, өнөкөт боор ооруга, цероз, рак илдеттерине кабылыш пайызы жогору, ал эми 30-40 жаштан өткөндөн кийин кабыла турган болсо, сакайып кетүү пайызы жогору деген сөздөр канча пайызга туура?

- Туура, ар бир айткан сөзүңө кошулам. Азыр ушул себептерден жаңы төрөлгөн ымыркайларга төрөт үйүнөн баштап эле эмдөө жүргүзүлөт. Эмдөө 24 сааттын ичинде, кийин 2 айлыгында, 3,5 айлыгында, 5 айында жасалат. Ушул себептерден курч гепатиттер менен ооругандардын саны азаюуда, тилеке каршы өнөкөт гепатит оорулары болуп жатат. Жогоруда айта кеткендей эле жугуу жолдору бул жыныстык катнаш, парентералдык, энеден балага, үй тиричилигиндеги буюмдар аркылуу жугат. Азыркы учурда парентералдык кан аркылуу жугуу жолдору азайды, анткени бардыгы бир жолу колдонуу дегендер көбөйдү. Мисалы шприц, медициналык аспаптар, системалар жана тиш дарыгерлер колдонуучу куралдары дагы бир жолу колдонулуучу куралдарга өтө баштады. Курч кармаган гепатит азайгандын себеби ошондон жана ошондой эле эмдөө алганга толук байланыштуу.

- Бир үй-бүлөдө бир адам гепатит менен ооруса жарым жылдан кийин үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрү ооруп калат дегенге кандай карайсыз?

- Үй тиричилигиндеги буюмдар аркылуу жугат деп айтып кеткендей эле мочалка, тиш щеткалар, сүлгүлөр, сакал алгыч, тарактар, кайчы, тырмак алгыч куралдар аркылуу жугат дегенди билдирет. Ошол себептерден азыр салонго барган буюм тайымдарды, куралдарды ар бир адам өзүнүкү болушу керек деп баса белгилей кетем. Анткени салондор ар бир кардардан кийин тарактарын, кайчыларын ж.б куралдарын тазалайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Деги эле өзү, өздүк гигиенаны сактаганга аракет жасаш керек. Үйдө тиш жууган щеткалар бир стаканда бири-бирине тийишип да турбаш керек, мочалка дагы ар бирибиздики өзүбүздүкү болушу зарыл. Баса белгилеп кетчү нерсе гепатит “В” вирусун жугузуп алуу үчүн 0,0001 мг гана кан талап кылынат, АИВге (ВИЧ) жугуу үчүн андан көбүрөөк кан керек болот. Гепатит “В” жана “С” АИВке (ВИЧ) караганда  коркунучтуураак жана өлгөндөрдүн саны да көбүрөөк.

- Энеден балага деп айтып жатасыз. Эгерде энеси гепатит “В” менен ооруп калган болсо, ичтеги балага жугузуп албашы үчүн кандай чараларды колдоносуздар?

- Эгерде эне гепатит “В”га кабылган болсо, балага жугуп калуу мүмкүнчүлүгү бар, төрөт учурунда, төрөгөндөн кийин тон, кан аркылуу жугуп калышы толук мүмкүн. Ошол учурда балдарга жугуп калбаш үчүн иммуноглобулин препараттарын колдонобуз. Иммуноглобулин деген активдүү даяр антителалар төрөлгөндөн кийин ыкчам түрдө берилет. Бирок акыркы учурда Кыргызстанда жок болгондугуна байланыштуу, ушинтип ооруп калган энелерге Орусия өлкөсүнөн алдырып жатабыз. Бул менен бирге гепатит “В”га каршы эмдөө жүргүзүлө берет. Ушундай жолдор аркылуу биз ымыркайды гепатит “В”дан сактап кала алабыз.

- Гепатит “В”, “С” менен төрөгөн эне баласын эмизүүгө болобу?

- Жогоруда айта кеткендей эле эненин сүтүнүн түзүлүшүндө вирус бар, бирок жугузуп коюуга пайызы азыраак. Ошол себептерден биз эмизүүгө уруксат беребиз. Эмизүү учурунда эненин эмчегинин учунда жаракаттары болсо эмизбей тургула деп, жакшы болгондон кийин гана же болбосо азыр замандын өнүгүүсү менен бирге атайын силикондон жасалган эмчектин учуна ылайыкташкан каражаттар аркылуу эмизүүгө дагы болот деп уруксат берилет. Кандай гана болбосун эненин сүтү баланын өнүп-өрчүүсүндө эң алдыңкы зат экенин жакшы билебиз. Баланын ден соолугу, акыл-эстүү, аман-эсен чоңоюусу биз үчүн өтө маанилүү.

- Гепатит “D” жөнүндө дагы кыскача маалымат бере кетсеңиз.

-Бул дагы келип гепатит “В”га такалат. Гепатит “В”нын бир коркунучу, бул гепатит “В” болгондор гепатит “D” менен ооруп калышы мүмкүн. Гептит “D” (delta) бул өз алдынча эч нерсе кыла албаган жетишпегендик вирусу (дефективный вирус) деп аталат. Бирок гептит “В” менен ооруган адам “D” жугузуп ала турган болсо, ушул эки вирус биригип гана ооруларды чакырат. Бул учурда цирроз, боордун рак илдеттерине алып келет. Ошол себептерден биз гепатит “В”га эмдөө алгыла деп жатабыз, анткени “В”дан сактана турган болсок “D”дагы жукпайт. Бир эмдөө аркылуу 2 вирустан сактанабыз.

- Гепатит “С” боюнча дагы айта кетсеңиз.

- Гепатит “С” бул дагы өзүнчө вирус. Бул вирус менен дагы жалаң гана адамдар ооруйт. Жалаң жеңил жана орточо түрүндө гана өтөт. Бул вирустун эң жаман жагы жеңил түрүндө өтүп билинбей, өнөкөт ооруга алып келет. Жеңил түрүндө дегенибиз бул сасык тумоо сыяктуу болуп, вирустун жукканын дагы билбей калып айткандай өнөкөт ооруга алып келип цирроз, андан соң өлүмгө дагы алып келет. Гепатит “С”ныкы деле жугуу жолдору төрт түрдө жыныстык катнаш, парентералдык, энеден балага, үй тиричилигиндеги буюмдар аркылуу жугат. Бул вирустун инкубациялык мезгили орто эсеп менен 26 жумага чейин. Вирустун өзгөчөлүгү кан аркылуу көп жугат. Жеңил түрү менен өтөт дегенибиз менен кесепеттери оорураак болот.

- Эмдөө боюнча кененирээк маалымат берсеңиз.

-Эмдөө гепатит “А” жана “В”га каршы гана бар. Гепатит “А”га календарлык планда жок, бирок өз калоосу менен алдырып сайса болот. Жалал-Абад шаарында гепотологиялык борбор бар, ошол жактан алдырсак болот. 10-15 жылга чейин кээ бир учурларда өмүр бою иммунитет сакталып калат деп кепилдик беришет. Ал эми гепатит “В”га болсо эмдөө календарлык план боюнча төрөт үйүнөн башатап ымыркайды 4 жолу эмдейбиз. Ошондой эле кан менен иштеген медицина кызматкерлеринин ден-соолугун коргоо максатында бекер эмдөөдөн өтүшөт. Бул дагы Өкмөттүн акча бөлүнгөнүнө жараша.Негизи бардыгы эмдөөдөн өтүп койсо абдан жакшы болмок. Тилекке каршы келип эле каражат маселесине такалат.

- Эгер мен гепатит “В”га эмдөө алгым келсе кайсыл жакка кайрылышым керек? Эмдөө канча сом турат?

-Биринчиден мен канча жолу кандай жол менен алыш керек экенин айта кетейин. Бул эмдөө бир гана жолу болбойт. Алгачкы жолу 1 күн алат, андан соң 1 айдан кийин, үчүнчү жолу биринчи алган күнүңүздөн тарта 6 айдан кийин, ошондо баардыгы биригип 3 жолу болот. Бул дагы 10-15 жылга кепилдик беришет. Баасы боюнча так айта албайт экенмин, бирок эгер эмдөө алам дегендер болсо башкы дарыгер менен биргелешип уюштуруу иштерин жүргүзсөк болот.

- Бул оорудан толук айыгып кетүү мүмкүнбү?

-Гепатит “А”, “В” менен “С”дан толук айыгып кеткендер бар. Ал үчүн противовирустук атайын дарылары бар, чындыгында өтө кымбат. Аны ичүүнүн дагы эрежелери бар, ичип баштагандан кийин бир дагы күн калтырбай убакты-сааты, дарыгердин көзөмөлү менен ичүү керек. Ошондо гана жакшы натыйжага жетишүүгө болот. Эгер бир аз ичип калтырып коё турган болсо, жаман таасирлерге алып келет. Бизде медицинада “вирустарды ойготпогула” деген бар. Ал эмне деген сөз? Дарыны ичип баштаганда вирустарды ойготуп алабыз, дарыны калтырбай толук ичип бүтө турган болсок, баягы ойгонгон вирустун баарын жокко чыгарат. Ал эми бир аз ичип ичпей коё турган болсо вирустарды ойготуп, ошол бойдон калтыра турган болсок, вирустар көбөйүү менен ооруну кайра күчөтүү коркунучун жогорулатып алабыз.Чындыгында дары-дармектери кымбат. Анткени бул дары-дармектер бизде чыкпай башка өлкөлөрдөн алып келип жатканыбызга байланыштуу.

- Ошондо сиз айтып жаткандай салондогу кыздар кардарларга гана эмес өздөрү дагы тобокелдүү экенда ээ?

- Албетте, өздөрүн дагы, кардарды дагы коргоо максатында куралдарын тазалап жана ошондой эле эмдөөдөн өтүшү керек. Алар гана эмес өзү бардык жарандар эмдөөдөн өтүп койсо жакшы болмок. Анткени гепаттин “В”, “С” дайыма эле сырткы келбетинен билине бербейт, анан айтып жатабыз турмуш тиричилик каражаттарынан жугат деп жатпайбызбы. Мисалы үйгө ар кандай конок келгенде сүлгү, мочалка, өздүк гигиенага тиешелүү каражаттарыңыз менен колдонуп коё турган болсо эле толук жугуп калуу коркунучу бар. Башта айта кеткендей дары-дармектери кымбат деп жатабыз. Ошол себептерден ооруп калып дары-дармектерге көп каражат кетиргенден көрө бир жолу эмдөөдөн өткөнүбүз жакшы болмок. ВОЗдун сандарына кайрыла турган болсок гепатит абдан кескин түрдө көбөйүүдө, анткени менин оюмча калктын гепатит боюнча маалымдуулугу аз. Сиздерге айтарым калктын маалымдуулугун жогорулатып, түшүндүрүү иштерин күчөтүү керек.

- Ыракмат, абдан кызыктуу маектердин бири болду, гепатит боюнча толук маалымат бердиңиз, ишиңизге ийгилик!

 

Маектешкен Чыбыкеева Эльбиза

 
Кароолор (1558)
 
 

 

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз

 



Top.Mail.Ru