Колдонуучу катары кирүү
 
 
 
Жарыялар
   

Биздин долбоорду колдоп, достор менен бөлүшүңүздөр

 

Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар сынагынын алкагында балдардын жана жаштардын абалы жөнүндө доклад даярдалды
08:58, 10-февраль 2020
Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар сынагынын алкагында балдардын жана жаштардын абалы жөнүндө доклад даярдалды

“Балдардын жана жаштардын абалы жөнүндө” Доклад (мындан ары – Доклад) Кара-Көл шаарынын аймагындагы балдарга жана жаштарга байланышкан иштердин абалы жөнүндөгү жүргүзүлгөн анализди баяндайт. Доклад балдардын укугун камсыз кылуу, аларды коргоо жана өнүктүрүүдөгү көйгөйлөрдү оптималдуу чечүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жана мамлекеттик органдардын түзүмдүк бөлүмдөрүн шаардагы балдардын абалы жөнүндө системага келтирилген  аналитикалык маалыматтар менен камсыз кылуу максатында жана  ЖӨБОнын   жана  социалдык кызматтарды көрсөткөн ар кандай мамлекеттик органдардын иш аракеттеринин артыкчылыктуу багыттарын аныктоого багытталып даярдалган.

Докладды иштеп чыгууда балдардын укугун коргоо жаатында мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин жөнгө салуучу төмөнкү негизги документтер эске алынды: “Балдардын укугу жөнүндө” БУУнун  Конвенциясы, Кыргыз Республикасынын “Балдар жөнүндө” Кодекси,  Кыргыз Республикасынын  Үй-бүлө Кодекси,  Кыргыз Республикасынын бир катар Мыйзамдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2028-жылдары Үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо  Программасы.

Докладдын максаты – жергиликтүү деңгээлде балдардын жана жаштардын муктаждыктарын эске алуу менен аларга  кызмат көрсөтүүлөрдүн багытын аныктап чечимдерди кабыл алуу үчүн аныкталган көйгөйлөрдүн негизинде шаардагы балдардын жана жаштардын абалына   ар тараптан  баа берүү.

Доклад,  мэрия тарабынан шаардык билим берүү, шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы, шаардык ички иштер бөлүмү, шаардык жалпы дарыгерлер практикалоо борбору ж.б мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен жыйналган статистикалык маалыматтарга негизделет. Андан тышкары, Доклад балдар жана жаштар арасында алардын муктаждыктарын жана талаптарын аныктоо боюнча изилдөөнүн жыйынтыктарын эсепке алган. Докладда негизги демографиялык мүнөздөмөлөр, мамлекеттик колдоо жана социалдык жардамдардын түрлөрү, балдардын ден-соолугунун абалы, билим берүү, балдарды тарбиялоо жана өнүктүрүү маселелери, жетим балдардын жана майып балдардын абалы,  кылмыштуулуктун , укук бузуулардын жана кароосуз калган жашы жете электердин абалы жана  терс көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча көрүлгөн чаралар чагылдырылган.

Глава 1.  Жалпы маалыматтар

Жалал-Абад областына караштуу Кара-Көл шаары Кыргызстандын түштүгүндө, деңиз деңгээлинен 940 метр бийиктикте жайгашкан. Өлкөнүн борбору Бишкек шаарынан 400 км, областтын борбору Жалал-Абад шаарынан 200 км алыстыкта орун алып, Токтогул өрөөнүнүн бийик тоолору менен курчалып турат. Кыргызстандын түштүгү менен түндүгүн бириктирген Бишкек-Ош автомагисралы Кара-Көл шаары аркылуу өтөт. Шаардын эл аралык базарларга  чыгуу жолдору  башка региондор  аркылуу ишке ашырылат. Кытай мамлекетинин жакынкы чек арасына чейинки аралык (Торугарт)  автомобиль жолу аркылуу 800км ди, ал эми Ош эл аралык аэропортуна чейинки аралык 320 км ди түзөт. Жакынкы темир жол станциясы жайгашкан Таш-Көмүр шаарына чейинки аралык – 78 км.

Сүрөт 1. Кара-Көл шаарынын иллюстрациясы

Шаар 1962-жылы 16-июнда Орто Азиядагы эң ири гидротүйүн – Токтогул ГЭСинин гидрокурулушчуларынын шаарчасы катары түзүлгөн. Шаардын административдик аймагы түндүк жана чыгыш жактарынан Токтогул району, түштүк жагынан Ноокен району, батыш жагынан Аксы району менен чектешет.

Кара-Суу дарыясынын Нарын дарыясына куйган куймасына жакын жайгашкан Кара-Көл шаарында Пионер, Комсомол жана Карьер деп аталган үч жасалма көл жаратылган.

Аймактын климаты мээлүүн континенталдуу, жайкысын ысык, абанын орточо температурасы +25ºС болсо, кышкысын суук -20ºС чейин жетет. Орточо жылдык температура 12ºСны түзөт.

2019-жылдын 1-январына карата  шаар калкынын жалпы саны 25890 адам болуп, анын ичинен 50,2%ын аялдар, 49,8%ын эркектер түзүшөт. Калктын 96,3% кыргыз улутундагылар, 2,14% орус улутундагылар, өзбек улутундагылар 0,52%,  ал эми калганын 17 этностун өкүлдөрү түзөт.

Таблица 1.

Кара-Көл шаарынын калкынын саны

Жылдары

Калктын саны

Эркектер

Аялдар

Балдар

Эркек балдар

Кыздар

2014

23965

11868

12097

9127

4535

4592

2015

24330

12090

12240

9326

4657

4669

2016

24634

12270

12364

9464

4772

4692

2017

25017

12454

12563

9642

4862

4780

2018

25383

12636

12747

9720

4921

4799

2019

25890

12882

13008

9898

5020

4878

 

Сүрөт 2. Кара-Көл шаарынын калкынын санынын өсүшү

 Шаардагы эмгекке жарамдуу калктын   негизги бөлүгү ТГЭС каскады мекемесинде, Камбар-Ата ГЭС мекемесинде жана  мамлекеттик органдарда жана саламаттыкты сактоо мекемелеринде, билим берүү мекемелеринде иштешет.

Шаар калкынын экономикалык активдүү бөлүгү 4897 адам, анын ичинде расмий жумушсуздардын саны 478 адам, алардын 286 сы  аялдар. Шаар боюнча орточо айлык акы  25345 сомду түзөт.Пенсионерлер 2828 адам. Ички жана тышкы эмгек миграциясында жүргөн, балдары Кара-Көл шаарында туугандарынын кароосунда калган  жарандар 1082 адам. Каттоосу Кара-Көл шаарында болуп, учурда Бишкек жана башка шаарларда окуп жаткан студенттер жана иштеп жүргөн жаштар жана шаар ичинде жеке ишкерлик менен алектенгендердин жалпы саны 5000 адамдын тегерегинде. Кыргызстандын экономикасынын негизи болуп  энергетика тармагы эсептелет. Кыргызстандагы өндүрүлгөн электроэнергиянын 80%дан ашык көлөмүн Кара-Көл шаарында жайгашкан Токтогул ГЭСи, Т.Усубалиев атындагы Курп-Сай ГЭСи жана Камбар-Ата ГЭСинде эмгектенишкен энергетиктер өндүрүшөт. Андыктан “Кара-Көл – энергетиктердин шаары” деп сыймыктанып айтабыз. Шаарда 2019-жылы Энергетиктер аллеясы курулду.Ал энергетиканын 85 жылдыгына арналды. Анда кышында  тоңбой турган оргума (фонтан) жана Токтогул ГЭСтин макети коюлду. Аллеянын ачылышы салтанаттуу түрдө 20-декабрда белгиленди.

Сүрөт 2. А)Энергетик аллеясындагы оргума Б) Мэр И.М.Еркеев жана Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын жетекчисинин 1-орун басары А.Н.Исраилов Токтогул  ГЭСинин макетинин жанында

 

Кара-Көл шаары областтык маанидеги шаар. Кара-Көл шаарындагы жергиликтүү бийлик – Кара-Көл шаарынын мэриясынан жана Кара-Көл шаардык депутаттар кеңешинен турат. Кара-Көл шаардык депутаттар кеңешинин 7-чакырылышындагы 31 депутат төмөнкү партиялык фракциялардан куралган:

  1. Энергетик партиясынан – 13 депутат
  2. Кыргызстан
  3. Социал-демократтар партиясынан – 5 депутат
  4. Кыргызстан партиясынан – 5 депутат
  5. Республика - Ата-Журт партиясынан – 5депутат
  6. Улуу Кыргызстан партиясынан – 3 депутат

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы – Кара-Көл шаарынын мэриясынын аппараты 16 муниципалдык кызматкерден жана 7 техникалык жана кенже кызмат көрсөтүүчү персоналдан турат. Мэрияны жетектеген Кара-Көл шаарынын учурдагы мэри Еркеев Ильяз Марсович мыйзамдарга ылайык шаардык кеңештин депутаттары тарабынан 2017-жылы январь айында 4 жылга шайланган. Мэрия шаарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн, калкты социалдык жактан коргоонун программаларынын долбоорлорун иштеп чыгып жана шаардык кеңеш бекиткенден кийин алардын аткарылышын камсыз кылып келет. Кара-Көл шаардык мэриясына Жазы-Кечүү айыл аймактык жана Кетмен-Төбө айыл аймактык башкармалыктары карайт.  Кара-Көл шаардык муниципалитеттин жалпы аянты 105024 гектарды түзөт, анын ичинен калктуу конуштар: Кара-Көл шаары 449 гектар, Кетмен-Төбө айылы 355 гектар,   Жазы-Кечүү айылы 4380 гектар аянтты ээлейт.

 

Таблица 2.                

                         Кара-Көл шаарынын жергиликтүү бюджетинин көлөмү

            №

жылдар

 ЖӨБОнын

бюджети(тыс.сом)

А.и өздүк киреше (тыс.сом)

Анын ичинде республикалык

Бюджеттин каражаты  (миң.сом)

Бюджеттин 1 адам башына  туура келген көлөмү

 (сом)

4

2017

85 232,50

65 777,30

19455,2

3406,9

5

2018

78 925,40

78 925,40

 

3109,3

6

2019

97 574,3

97 574,3

 

3768,8

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кара-Көл шаарынын мэриясынын 2019-жылдын 30-декабрындагы №736-буйругу менен түзүлгөн “Кара-Көл шаарынын 2018-2023-жылдар аралыгындагы социалдык – экономикалык өнүгүү программасына кирген милдеттердин 2019-жыл ичинде аткарылышы боюнча мониторинг жасоо жана баалоо” боюнча жумушчу тобунун жасаган жыйынтыгы боюнча  социалдык – экономикалык өнүгүү программасына кирген балдарга жана жаштарга байланышы бар милдеттерди аткарууга  2019-жылы  жалпы суммасы 26 037,2 миң сом өлчөмүндө каражат жумшалган. Алардын ичинде жергиликтүү бюджеттин эсебинен 19 783,0 миң сом, демөөрчүлөрдүн эсебинен 154,2 миң сом, жеке ишкерлердин эсебинен 6 100,0 миң сом каржыланган. Алар, социалдык коргоо, балдардын коопсуздугу, билим берүү, балдардын жана жаштардын эс алуусуна шарттарды түзүү максатын ишке ашырууга багытталган.

 

Сүрөт 3. Кара-Көл шаарындагы Серый көчөсүндогү эс алуу аянтчасы.

 Мындан тышкары, жаштар иштери дене тарбия жана спорт бөлүмү аркылуу спорттук иш чараларга  1557,0 миң сом бөлүнгөн, анын ичинен жаштар кеңеши демилгелеген иш-чараларга 157,0 миң сом каржыланган. Ошондой эле шаардык билим берүү бөлүмүнө жалпы 3100,9 сом төмөнкү максаттарда: балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебиндеги балдарды спорттун түрлөрү боюнча башка аймактарга мелдештерге алып баруу үчүн сапар чыгымдарына 787,4 миң сом, балдар чыгармачылык үйүнө бийчилерге костюм сатып алууга 100,0 миң сом, башталгыч класстардын окуучулары үчүн ашканага стол, стул сатып алууга 270,0миң сом, мектепке жабдууларды   сатып алууга 588,0 миң сом, балдар бакчасындагы балдарга тамак-аш сатып алууга 1 355,1 миң сом каржыланган. Жалпылап эсептегенде  24 440,0 миң сом балдардын жана  жаштардын абалын жакшыртууга байланышкан иш-чараларды аткарууга кеткен. Бул сумма жергиликтүү бюджеттин 25,0 % ын түзөт. Жаштар үчүн аллеялар, балдар ойной турган аянтчалар заманбап жабдылды.

 

Сүрөт 4. Кара-Көл шаарындагы Энергетик аллеясынын бөлүгү

 

 

 

 

 

 

Сүрөт 5. Кара-Көл шаарындагы Энергетик аллеясынын бөлүгү

 

Сүрөт 6. Кара-Көл шаарындагы аллея жана балдар ойной турган аянтчалардын бири.

Сүрөт 7. Кара-Көл шаарындагы  жаштар үчүн машыгуучу шаймандар

Глава 2. Балдардын жана жаштардын абалынын сүрөттөлүшү

 

2020-жылдын 1-январына карата  шаар калкынын жалпы саны 25890 адам болуп, анын ичинен 50,2%ын аялдар, 49,8%ын эркектер түзүшөт. Жаш курагы боюнча алганда жалпы калктын 9898  адамын, же болбосо 38,2%ын 18 жашка чейинки балдар, анын ичинде 14 жашка чейинкилер 8096 бала же жалпы калктын 31,0% ,  7137 адамын  же 28,0%ын 14жаштан 28 жашка чейинки жаштар, ал эми 28 жаштан жогоркулар 10657 же 41%  түзөт.

Таблица 3.

14-жашка чейинки балдардын саны жаш курагы менен

жыл

1 жашка чейин

анын ичинде

1жаштан 7жашка чейин

анын ичинде

7жаштан  14 жашка чейин

анын ичинде

бардыгы

анын ичинде

бала

кыз

бала

кыз

бала

кыз

бала

кыз

1

2019

631

325

306

3682

1905

1777

3783

1917

1866

8096

4147

3949

 

Таблица 4.

14 жаштан 28-жашка чейинки жаштардын саны жаш курагы менен

жыл

14жаштан 18 жашка чейин

анын ичинде

18ден   24 жашка чейин

анын ичинде

24 жаштан

  28 жашка чейин

анын ичинде

бардыгы

анын ичинде

бала

кыз

бала

кыз

бала

кыз

бала

кыз

1

2019

1802

873

929

3071

1484

1587

2264

1187

1077

7137

3544

3593

 

Сүрөт 8. Балдардын жана жаштардын чоңдорго карата үлүшү, 2019-ж.

8-сүрөттө көрсөтүлгөндөй, Кара-Көл шаарынын калкынын  59,0%ын 28 жашка чейинки балдар жана  жаштар түзөт. Мындай көрсөткүч Кара-Көл – жаштардын шаары деп атаганга негиз берет. Жаңы төрөлгөн ымыркайлардын саны акыркы 6 жылда 550-660 сандарынын аралыгында өзгөрүү байкалат. Калктын санынын өсүшү балдардын санынын өсүшү менен байланыштуу.

        Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмүнүн карамагында 6  жалпы билим берүү орто  мектептери жана 2 башталгыч мектеп бар:

  • №1 Токтогул атындагы  мектеп-гимназиясы 1965-жылы курулган типтүү жана проекттик кубаттулугу 850 окуучу орунга ылайыкталган. Бүгүнкү күндө 1361 окуучу билим алууда.
  • №2 Ч.Түлөбердиев атындагы жалпы билим берүүчү инновациялык мектеби 1967-жылы курулган, имараты типтүү жана  проекттик кубаттуулугу 640 окуучулук орунга ылайыкталган. Бүгүнкү күндө 1056 окуучу билим алууда.
  • №3 Фрунзе атындагы жалпы билим берүү орто  мектеби  1984-жылы курулган,имараты типтүү,  проекттик кубаттуулугу 720 окуучулук орунга ылайкталган. Бүгүнкү күндө 1641 окуучу билим алууда.
  • Д. Шопоков атындагы №4 жалпы билим берүү орто  мектеби  1984-жылы курулган, имараты типтүү,  проекттик кубаттуулугу 635 окуучулук орунга ылайыкталган. Бүгүнкү күндө 578 окуучу билим алууда.
  • №5 Хуриев атындагы орто мектеби Кетмен-Төбө айылында  жайгашкан. Бул мектеп  1991-жылы курулган, имараты типтүү, кубаттуулугу  320 окуучулук орунга ылайкталган. Бүгүнкү күндө 351 окуучу билим алууда.
  • №6 Темиров Туралы атындагы  мектеп 1997-жылы 128 окуучуга ылайыкталып типтүү мекеме катары курулган. Азыркы мезгилде 225 окуучу билим алууда.
  • №7 Мамытов атындагы башталгыч мектеп  Чон-Таш айылында жайгашкан. Бул мектеп имараты типтүү эмес, 1992-жылы курулган, проекттик кубаттуулугу 60 окуучуга ылайыкталып курулган. Бүгүнкү күндө 15 окуучу билим алууда.
  • №8 Бабакан атындагы башталгыч мектеби  Көк-Бел айылында жайгашкан. Бул мектептин имараты типтүү эмес, 1996-жылы курулган, проекттик кубаттуулугу 30 окуучуга ылайыкталып курулган. Бүгүнкү күндө 15 окуучу билим алууда.

Жалпы: 190 класс  комплектиде 5242 окуучу  билим алып жатат. Жыл сайын шаар боюнча орто эсеп менен 170 окуучу мектепти бүтүрөт.  Шаарда И.Раззаков атындагы техникалык университетинин Кара-Көл техникалык колледжинде -  41 студент, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин техникалык колледжинде – 375 студент жана №89 кесиптик лицейинде – 113 студенттер окушат. Шаардык билим берүү бөлүмүндө мектептен тышкаркы  Балдар чыгармачылык үйү жана Балдар жана өспүрүмдөр спорт мектеби  бар. Аларда 1356 бала билим алышат.  Бул жалпы окуучулардын  25,9 пайызын түзөт. Эң негизги маселелердин бири бүгүнкү күндө бул окуучуларды кошумча билим берүүгө тартуу. Мектептен сырткары мекемелерде кружоктор, спорттук секциялар  иштөөдө. 2018-жылга караганда 2019-жылы ийримдерге катышкандар  472 балага көбөйдү. Ал секцияларга 100% бала мектеп жашында тартылган. Балдар чыгармачылык үйүндө учурда 22 ийримде  47 группа түзүлүп, ага 945 бала катышат. Ал эми Балдар, өспүрүмдөр спорт мектебинде спорттун 8 түрү боюнча 28 секция иштейт, ага 411 бала катышат.

Шаардык спорткомплексте  спорттун күрөш, женил атлетика, волейбол, баскетбол түрлөрү боюнча машыкканга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.  Маданият үйүндө бий кружогу, вокал жана көркөм өнөр, драма ийримдери иштейт.  Жеке ишкердин эсебинен  балдардын жана жаштардын өнүгүүсүнө  ылайыкташкан англис тилин окууга “Лингва Плюс” окуу борбору 5 жылдан бери иштейт, анда 9 мугалим иштеп 200 балага тил үйрөтөт. Ошондой эле,    чет тилдерди жана балдардын өнүгүүсүнө байланышкан башка курстарды ( балет, сөз сүйлөө чеберчилиги, логопед ж.б) окутуу үчүн 2019-жылдын декабрь айында “Элдер достугу” эл аралык окутуу борбору ачылды. Борбор Сабиров көчөсүндө жайгашкан И.Раззаков атындагы мамлекеттик техникалык университетинин Кара-Көл техникалык колледжинин имаратынын 3-кабатында жайгашты.

Сүрөт 9. “Эл достугу” эл аралык окутуу борборунун ачылышы

Учурда жаштар борбордон кошумча билим алууга жазылып жатышат.Борбордо 7 жаштан 12 жашка чейинки кыздар, балдарга балет өнөрүн үйрөтүү үчүн волонтер Барк Элиана Александровна иштейт.

Сүрөт 10. Балдардын көркөм өнөр каанасы

Балет өнөрүн үйрөнүүгө каалоосун билдирип 160 бала жазылышты, алардын ичинде  20 сы эркек балдар. Барк Элиана Александровна балет өнөрүнө жөндөмдүү балдарды тандап группа түзөт жана балеттен тышкары аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдарына француз тилин окутат.

Сүрөт 11. “Элдер Достугу” эл аралык борборунун инвестору А.Эшназаров, Кара-Көл шаарынын мэри И.М.Эркеев, норвегиялык волонтер Элиана Барк,ШБББнүн башчысы А.Мырзалиева

 

Шаардагы 9-класстын бүтүрүүчүлөрү жана  жакын аймактардагы жайгашкан райондордон келип окуган 15-18 жаштагы 113 окуучу №89 кесиптик лицейде төмөнкү кесиптерге үйрөнүшөт, алар: Газ жана электр менен ширетүүчү, Ашпозчу, Жеке компьютерде оператор, Тигүүчү жана чачтарач. Окуу жайы 4 кабаттуу имаратта жайгашкан. Окуу бөлмөлөрү  заманбап жабдылган, окуу китептери менен жетиштүү камсыз болгон. Кесиптик лицейде  80 орундук жатакана жана  30 орундук ашканасы  бар.

Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Кара-Көл шаардык  колледжинде 375 (анын ичинде 55 студент сырттан окуйт) студент төмөнкү  адистиктер боюнча билим алышат, алар: Электро жабдуу тармактары, Электро чордондору, Гидротехникалык курулуш, Транспортто жүк ташуу, Экономика жана бухгалтердик эсеп жана башталгыч класстын мугалими. Окуу жай 4 кабаттуу имаратта жайгашкан, кабинеттер заманбап жабдылган, окуу китептери менен жетиштүү камсыз болгон.  50 орундук жатакана жана 40 орундуу ашканасы бар.

 Ал эми И.Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университетинин Кара-Көл Техникалык Колледжинде 41 студент, электр жабдуулары жана чордондору адистиги боюнча окушат. Окуу жайлардын инфраструктуралары жакшы,  үч кабаттуу имаратта жайгашкан. Окуу кабинеттери заманбап жабдылган.

 Энергетик тармагындагы адистикке ээ болгон жаштар  Токтогул ГЭС, Камбарата ГЭС, Курпсай ГЭС терине иштеп, башка аймактардан келип Кара-Көл шаарында жашап калышат.

 

   Даярдаган Сатарова Г.О.

 

  Толук маалыматты шилтеме аркылуу ала аласыздар.

 
Кароолор (985)
 
 

 

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз

 



Top.Mail.Ru