Колдонуучу катары кирүү
 
 
 
Жарыялар
   

Биздин долбоорду колдоп, достор менен бөлүшүңүздөр

 

"Кичинекей ханбийке" таймашы болуп өттү
21:13, 28-февраль 2020
"Кичинекей ханбийке" таймашы болуп өттү
28-февраль 2020-жылы Токтогул Сатылганов атындагы №1 мектеп-гимназиясында 1-класстарынын арасында "Кичинекей ханбийке" таймашы болуп өттү. Таймашка 
1-"а" классынын окуучусу Акылбекова Аделина,
1-"б" классынын окуучусу Дуйшоналиева Сайкал,
1-" в " классынын окуучусу Раева Нурай,
1-"г" классынын окуучусу Арстанбекова Мырзайым,
1-"д" классынын окуучусу  Шамалбекова Каныкей аттуу окуучуларыбыз катышты. Ханбийкелерибиз "Мен киммин, менин өнөрүм, 8 - Март -  апаларыбыздын  майрамына карата "Апам үчүн белек" гүл жасоо же китеп жасоо тапшырмаларын аткарышты. 1-"в" классынын окуучусу Раева Нурай  тубаса таланты менен өзгөчөлөндү. "Кичинекей ханбийке" номинациясы Раева Нурайга ыйгарылды. Таймашка катышкан кыздарга "Ажарлуу кыз", "Жылдыздуу кыз", "Таланттуу  кыз", "Сүйкүмдүү кыз" номинациялары ыйгарылып, мектеп администрациясы тарабынан грамоталар тапшырылды.
 
Кароолор (255)
 
 

 

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз

 



Top.Mail.Ru