Колдонуучу катары кирүү
 
 
 
Жарыялар
   

Биздин долбоорду колдоп, достор менен бөлүшүңүздөр

 

Окурман бала - гүлдөгөн Кара-Көл
14:40, 3-март 2020
Окурман бала - гүлдөгөн Кара-Көл

Азыркы мезгилдин 21-кылымдын эң көйгөйлүү, орчундуу маселелердин бири бул балдардын жалаң гана “гаджет” (телефон, планшет) колдонуп адабий деги эле китеп окубай калгандары өкүндүрбөй койбойт. Айрыкча чоң муундагы адамдарды. Кара-Көл шаарыбызда  китеп окууга, балдарды кызыктыруу максатында “Окурман бала - гүлдөгөн Кара-Көл” аттуу шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан 2 айлык фестиваль жарыяланган. Ошол фестивалдын алкагында Д.Шопоков атындагы №4-жалпы билим берүү орто мектебинин кыргыз тил, адабият мугалими Жолоева Нурсита Асанбековна 02.03.2020-жылында 11-класска жана 3-класска "Окурман үй-бүлө" сынагын жогорку деңгээлде өткөрдү. Сынакка 4 үй-бүлө катышты, 11-класстан Майчиеванын үй-бүлөсү жана Жанызаковалардын үй-бүлөсү, 3-“Б” класстан Сабированын үй-бүлөсү жана Жумабекованын үй-бүлөсү катышышты. Сынак башта айта кеткендей эле 3-класстын окуучулары тарабынан "Бүгүнкү көйгөйдү" так чагылдырган сценка аткаруу менен башталды. Мугалим "Китеп окуунун пайдасы" деген темада проектр аркылуу маалымат жасап, китеп окуунун 8 пайдасын баса белгилеп өттү.

Сынактын жыйынтыгында өз демилгеси менен 3-“Б” классынын окуучусу Канжарбаев Нурдөөлөттүн апасы, 11-класстагы Бейшеналиева Перизаттын апасы биргеликте демөөрчү катарында башталгыч класстарга “Кыргыз эл жомогу” ал эми чоң класстарга болсо “Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы” аттуу балдарга эң жакшы белектерди алып беришти. Ошондой эле коомдук иштерге активдүү катышкан балдардын өнөрүн баалаган кыргыз тил, адабият мугалими, жазуучу Тезекбаева Р. эжеке дагы, сынакка катышкан ата-энелерге “Бата берүү” китепчесин, ал эми балдарга болсо А.Кармышаковдун китептерин демөөрчү катары белек кылды.  Ар бир окурман үй-бүлөгө төмөндөгүдөй номинациялар берилди: "Окурман үй-бүлө", "Ынтымактуу үй-бүлө", "Таланттуу үй-бүлө" жана "Тапкычтар үй-бүлө". Бул сынакка шаарыбыздын китепке кызыктыруу демилгесин туура көргөн жеке ишкер "Ак-Кеме" китеп дүкөнүнүн ээси Шейшенбаев Бакыт мырза дагы келип катышып, эң жакшы ой-пикирин айтып ыраазычылык билдирди.

Нурсита Асанбековна эжеке, иштериңизге ийгилик ушундай балдардын келечегине салым кошуп жакшы иш чара өткөрүп жатканыңызга!

 

Кабарчы Чыбыкеева Эльбиза

 
 
Кароолор (420)
 
 

 

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз

 



Top.Mail.Ru