Колдонуучу катары кирүү
 
 
 
Жарыялар
   

Биздин долбоорду колдоп, достор менен бөлүшүңүздөр

 

Кыргызстанда саясий репрессияларга каршылык комитети түзүлдү
11:38, 4-март 2020
Кыргызстанда саясий репрессияларга каршылык комитети түзүлдү

Бул туурасында «Азаттыкка» комитеттин негиздөөчүсүАдил Турдукулов билдирди. Анын маалыматына караганда, өлкөдөбардык президенттердин тушунда бийлик оппозициялык көз караштагы жарандарды репрессиялап, кысым көрсөтүш үчүн сотторду, күч органдарын, кол баламаалымат каражаттарын, ал түгүл криминалды пайдаланып келген.

Билдирүүдө «тилекке каршы, азыркы бийликтин убагында да көрүнүш өзгөргөн жок. Парламенттик шайлоонун алдында саясатчылар, жарандык активисттер, журналисттер, блогерлер түрдүүкол салууга, камоого, маалыматтык чабуулдарга кабылып жатышат. Аларга көп миллиондогон соттук доолор коюлууда. Буга каршы туруш үчүн биз «Саясий репрессияларга каршылык комитетин» түздүк» деп жазылат.

Комитет саясий туткундардын, сот адилетсиздигинен жапа чеккендердин жана өзүнүн жарандык ишмердиги үчүн куугунтук жегендердин укуктарын, мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоп бермекчи.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда Кыргызстанда “Саясий туткундарды коргоо комитети" түзүлгөн. (ZKo)

Маалымат булагы *azattyk.org

 
Кароолор (126)
 
 

 

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз

 



Top.Mail.Ru