Колдонуучу катары кирүү
 
 
 
Жарыялар
   

Биздин долбоорду колдоп, достор менен бөлүшүңүздөр

 

Кыргыз элинин баалуулуктары
14:48, 4-март 2020
Кыргыз элинин баалуулуктары

Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназиясынын тарых сабагынын мугалими Сатанова А.А  8-"б" классына "Кыргыз элинин баалуулуктары" - деген темада класстан тышкаркы иш-чара өткөрдү. Мамлекеттик туунун кабыл алышы, туунун ортосундагы 40 нур, тегиз чачыраган алтын түстөгү күн, күн алкагынын ичине түшүрүлгөн кыргыз боз үйүнүн сүрөтү тууралуу баяндалды. Кыргыз туусу тууралуу акындардын ырлары көркөм айтылды. 5-март — Ак калпак күнүн утурлай кыргыздын ак калпагынын жасалуу ыкмалары, символикасы тууралуу  айтылды. Ак калпактын тарыхына токтолду. Ак калпак тоолордун жана тазалыктын символун чагылдырган улуттук баш кийим экендигин айгинелешти. Кыргызстандын мамлекеттик символу болгон желек, улуттук баш кийим калпак жөнүндө маалымат алышып, кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын урматтап сыйлоого тарбияланышты.

 
Кароолор (212)
 
 

 

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз

 



Top.Mail.Ru