Колдонуучу катары кирүү
 
 
 
Жарыялар
   

Биздин долбоорду колдоп, достор менен бөлүшүңүздөр

 

Жаратылыш - биздин курчообузда
08:42, 5-март 2020
Жаратылыш - биздин курчообузда

Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназиясынын  табигый илимдер усулдук  бирикмесинин мугалимдери  "Жаратылыш - биздин курчообузда" деген темада класстан тышкаркы иш-чара өткөрүштү. Иш-чарада окуучулар физика, химия, биология, география сабактары боюнча викториналык суроолорго жооп берип, лабораториялык иштерди аткарышты. Лабораториялык иштерди 10-"а" классынын окуучусу Сарыгулов Кубаныч, химия сабагы боюнча, физика сабагы боюнча 8-"а" классынын окуучулары Дуйшенов Эрлан, Уметов  Мирлан кызыктуу тажрыйбаларды көрсөтүштү. Викториналык суроолорго жооп берген, активдуу катышкан окуучуларга мектеп администрациясы тарабынан грамоталар тапшырылды. Окуучулар табигый илимдер тууралуу обондуу ырларды аткарышты. Жаратылыш, Ата Мекен тууралуу акындардын ырларын көркөм айтышты. Жыйынтыгында окуучулар ыр  ырдашып, бий бийлешип, предметтер тууралуу табышмактарды  айтышты.

 
Кароолор (204)
 
 

 

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз

 



Top.Mail.Ru