Колдонуучу катары кирүү
 
 
 
Жарыялар
   

Биздин долбоорду колдоп, достор менен бөлүшүңүздөр

 

Улут жүзү - ак калпак. Мектеп окуучулары
14:17, 5-март 2020
Улут жүзү - ак калпак. Мектеп окуучулары

Токтогул Сатылганов атындагы №1 мектеп-гимназиясында бүгүн өзгөчө майрам. Улуттук баш кийимибиз болгон "Ак калпак күнү". Ак калпак кыргыздардын улуттук баш кийими. Ошондуктан бүгүн биздин билим уябызда "Калпак-кыргыздын  улуттук көркөм дөөлөттөрүнүн көрөңгөсү" - деген темада  салтанаттуу жыйын болуп өттү. Салтанатта 7-8 класстары улуттук баш кийимибиз калпак тууралуу акындардын ырларын көркөм окушту. Окуучулар улуттук тазалыктын, улуу күндүн символу, ыйык белгиси катары салтанатка  ак калпактарды кийип келишти. Ак калпакты даңазалаган  ыр, бий  коштолду. Кыргыз калпагынын улуулугун даңазалашты. 11-"А", "Б" классынын класс жетекчилери Турдиева А., Ибраимова Ч. ачык класстык саат өтүштү. Класстык саатта окуучулар кыргыздын ак калпагынын тарыхына токтолушту. Ак калпактын  түрлөрү боюнча көргөзмө уюштурушту. Сүрөт сабагынын мугалими Биймурзаев А. таланттуу окуучуларга сүрөт тарттырды.  2-"Б" классынын класс жетекчиси Арыкбаева Ш. "Улут жүзү - ак капак" деген темада класстык саат өттү. Сабакта окуучулар улуттун  жүзү болгон ак калпактын өңү-түсүнө, жасалышына карап айырмалай билүү зарылдыгы мугалим тарабынан эскертилди. Обондуу ырлар ырдалды. Кыргыз элинин баалуулуктарынын бири болгон ак калпак күнүндө окуучулар баш кийимдин маанисин сактоого жана сыйлоого, кыргыздын маданиятына болгон сыймыктануу сезимдерин ойготушту.

 
Кароолор (248)
 
 

 

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз

 



Top.Mail.Ru