Колдонуучу катары кирүү
 
 
 
Жарыялар
   

Биздин долбоорду колдоп, достор менен бөлүшүңүздөр

 

Эрте никеге туруунун зыяндуулуктары
08:55, 6-март 2020
Эрте никеге туруунун зыяндуулуктары

Токтогул Сатылганов атындагы №1 мектеп-гимназиясынын 8-11-классынын кыздарына шаардык оорукананын КУЗ кабинетинин адиси Эльбиза  Дүйшөбаева келип "Эрте никеге туруунун зыяндуулуктары" - деген темада кыздарга түшүндүрүү иштерин жүргүздү.  Окуучулар ар кандай суроолорду узатып, кызыктуу маек курушту. "Биринчи байлык - ден соолук " экендиги кыздарыбызга түшүндүрүлдү. Ал эми мугалимдерге "Гепатит деген эмне?" деген темада лекция өттү. Гепатит деген кандай оору? Билинбей жеген дарттын себептери жана дабасы тууралуу баяндады. Бул дарт көпчүлүк учурда билинбей өрчүп, убагында дарыланбаса цирроз, рак ооруларына алып келери түшүндүрүлдү. Окуучуларга гепатит же сарык оорусу - боорду жабыркаткан жугуштуу дарт, өз ичинен  ал A,B,C,D жана E болуп беш түргө бөлүнөрүн эскертти. Ооруунун жугуу жолдорун, белгилерин түшүндүрдү. Энелердин, балдардын ден соолугун коргоо, аларды татыктуу өстүрүү коомубуздун алдындагы биринчи милдет.

Уюштурган  Токтогул Сатылганов атындагы №1 мектеп- гимназиясынын мектептен жана класстан тышкаркы иштерди уюштуруучусу: Тагаев Рахат Аралбековна.

 
Кароолор (108)
 
 

 

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз

 



Top.Mail.Ru