Колдонуучу катары кирүү
 
 
 
Жарыялар
   

Биздин долбоорду колдоп, достор менен бөлүшүңүздөр

 

Бир адамдан бир китеп акциясы улантылып жатат.
19:00, 12-март 2020
Бир адамдан бир китеп акциясы улантылып жатат.
Токтогул Сатылганов атындагы №1 мектеп-гимназиясындагы "Бир адамдан бир китеп" аттуу китепти белекке берүү  акциясы уюштурулду.  Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназиясында шаардык билим берүү бөлүмүнүн 2020-жылдын  2-мартындагы №144 буйругунун негизинде "Китепкөй мектеп", "Бир адамдан бир китеп", "Китеп окуп, сөз байлыгынды өстүр", "Китеп белекке берүү күнү", "Келгиле, китеп окуйбуз!" - деген чакырыктардын алкагында  иш-чаралар өткөрүлдү. Окурмандарды китеп окууга тартуу максатында шаардык китепканада "Окуган муун, жаркын келечек" - аттуу  китеп сүйүүчүлөрдүн  кечеси уюштурулду. Чакырылган коноктордун үн чыгарып китеп окуусу окуучулардын китепке болгон сүйүүсүн ойготту. Уюштурулган көчмө иш-чарага шаардык кеңештин төрагасы Кыргызалиев Б.Н, Кара -Көл  шаарынын вице-мэри Сатарова Г.О, коомдук ишмер Шаменов Б., БЧҮ нүн директору Бердимуратова Г.К. катышып, китепканага да китеп белекке  беришти. Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназиясына НГЭСтин башкы директору Чокоев М.Ч. мектепке келип 1700 сомдук "21-кылымдын мугалимдери" деген 7 томдук китептин топтомун  белекке берди.
Кара-Көл шаарынын вице-мэри  Сатарова  Г.О. "Компьютер жана  интернет" 14 даана, акын-жазуучулардын китептеринен 5 даана, ШБББнүн усулдук кабинетинин башчысы Каракозуева А.К. "Аалам алпы Айтматов" деген китептен 3 даана усулдук кабинетке белекке беришти. Башталгыч класстарынын мугалимдери "Позитивдүү тарбия берүү" - деген темада кластердик семинар өтүп, Токтогул, Кара-Көл шаарларынын мугалимдери катышып, окуучулардын окуган чыгармаларынан позитивдүү тарбия алгандыгына өзгөчө көңүл бурушту. "Келгиле, окуйбуз!" таймаштары уюштурулуп, окуучулар өз колдору менен окуган чыгармалары боюнча китеп жасашты. Ч.Айтматовдун "Уламыштар жана жомоктор" аттуу китебинин  бет ачары болуп өттү. Акция мезгилинде жалпы 24220 сомго китептер мектебибизге белекке берилди. Андан сырткары Мерсико  USDA  каржылаган "Билим үчүн азык жана балдардын тамактануусу" деген долбоорунун алкагында пилоттук мектеп катарында 411 китеп мектепке белекке берилди. Окуучулар "Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы" китебин окушуп, шаардык "Ак кеме" китеп дүкөнү уюштурган конкурска даярданышууда. "Креативдүү  мугалим" китебин мугалимдер окушуп "Санарип мугалим" конкурсуна катышып 1-турдан 3 мугалим Тагаева Р.А., Чыналиева Э.К., Айбекова А.А. өтүп, 2-турга даярданышууда. Бир адамдан бир китеп акциясы улантылып жатат.
Китеп белекке берген Кара-Көл шаарынын вице-мэри  Г.Ө.Сатаровага, НГЭС ААК башкы директору М.Ч. Чокоевге мектеп жамааты тарабынан ыраазычылык билдиребиз.
 
Кароолор (190)
 
 

 

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз

 



Top.Mail.Ru