Колдонуучу катары кирүү
 
 
 
Жарыялар
   

Биздин долбоорду колдоп, достор менен бөлүшүңүздөр

 

КИТЕП- БИЛИМ БУЛАГЫ !
10:05, 13-март 2020
КИТЕП- БИЛИМ БУЛАГЫ !

 

Кечээ 2020-жылдын 12-март күнү Токтогул атындагы №1-мектеп-гимназиясында "Бир адамдан бир китеп" аттуу  китепти белекке беруу  акциясы уюштурулду.  Акция  шаардык  билим берүү бөлүмүнүн 2020-жылдын  3-февралындагы№144 сандуу буйругунун негизинде уюштурулуп, " Китепкөй  мектеп", "Бир адамдан бир китеп", "Китеп окуп,сөз байлыгыңды өстүр", "Китеп белекке берүү күнү","Келгиле,китеп окуйбуз!"- аттуу чакырыктардын  алкагында  иш - чаралар  өткөрүлдү. Окурмандарды китеп окууга тартуу максатында шаардык китепканада "Окуган муун-жаркын келечек" -аттуу  китеп сүйүүчүлөрдүн  кечеси уюштурулду. Чакырылган коноктордун үн чыгарып китеп окуусу окуучулардын китепке болгон сүйүүсүн ойготту. Уюштурулган көчмө иш - чарага шаардык кеңештин төрагасы Кыргызалиев Б.Н, Кара -Көл  шаарынын вице-мэри Сатарова Г.О, мүрөк коомунун  мүчөсү Б.Шаменов, БЧҮнүн директору  Г.К.Бердимуратовалар катышып,китепканага   китеп белекке  беришти.Токтогул атындагы №1-мектеп гимназиясына НГЭСтин башкы директору Чокоев М.Ч. мектепке келип 1700 сомдук  "21 - кылымдын мугалимдери" аттуу 7 том китептин топтомун  белекке берди.

Кара-Көл шаарынын вице-мэри  Г.О.Сатарова  14 даана "Компьютер жана  интернет" аттуу китеп,  улуу кыргыз акын-жазуучулардын китептеринен 5 даана, ШБББнүн усулдук кабинетинин башчысы Каракозуева А.К. "Аалам алпы  Айтматов" аттуу 3 китеп белекке беришти.  Башталгыч класстарынын мугалимдери "Позитивдүү тарбия берүү" -аттуу темада класстердик семинар өтүп, Токтогул, Кара-Көл шаарларынын мугалимдери катышып, окуучулардын окуган чыгармаларынан позитивдүү тарбия алгандыгына өзгөчө көңүл бурушту. Мындан сырткары "Келгиле,окуйбуз!" таймаштары уюштурулуп, окуучулар өз колдору менен окуган чыгармалары боюнча китеп жасашты. Ч.Айтматовдун "Уламыштар жана жомоктор" аттуу китебинин  бет ачары болуп өттү. Акцияда жалпы 24220 сомго китептер мектебибизге белекке берилди. Андан сырткары  Мерсико  USDA   каржылаган "Билим үчүн азык жана балдардын тамактануусу " деген долбоорунун алкагында пилоттук мектеп катарында 411 китеп мектепке белекке берилди. Окуучулар "Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы" китебин окушуп, шаардык " Ак кеме" китеп дүкөнү уюштурган сынака даярданышууда. "Креативдүү мугалим" китебин мугалимдер окушуп "Санарип мугалим" конкурсуна катышып, 1-турдан 3 мугалим Тагаева Р.А., Чыналиева Э.К., Айбекова А.А. өтүп,  2-турга даярданышууда. Бир адамдан бир китеп " акциясы улантылып жатат.

Акциянын демөорчүлөрү  Кара-Көл шаарынын вице-мэри  Г.О.Сатаровага, НГЭС ААКнын башкы директору М.Ч. Чокоевге мектеп жамааты тарабынан ыраазычылык билдиребиз.

 
Кароолор (80)
 
 

 

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз

 



Top.Mail.Ru