Колдонуучу катары кирүү
 
 
 
Жарыялар
   

Биздин долбоорду колдоп, достор менен бөлүшүңүздөр

 

Окуган муун - жаркын келечек
20:46, 13-март 2020
Окуган муун - жаркын келечек
Токтогул Сатылганов атындагы №1мектеп-гимназиясында "Окуган муун - жаркын келечек" аттуу китепкөй окуучулардын таймашы 8-11-класстар арасында  улантылды. Ар бир  класстын китепкөй окуучулары "Эне" жөнүндөгү акындардын ырларын көркөм айтышып, эненин мээримин, улуулугун даңазалашты. Турар Кожомбердиевдин "Апа" поэмасын көркөм окушту.  Окуучулар улуу жазуучу Ч. Айтматовдун "Саманчынын жолу", "Бетме- бет", "Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт" повесттеринен үзүндү аткарышты. Жыйынтыгында  8-"а", "б", 9-"а", "б", "в", 10-"а" класстары 1-орун, 2-орунга 8-"в",  9-"г", 10-"б" класстары ээ болушту. Көркөм окууну эң жогорку чеберчиликте аткарган 8-"а", "б" класстары болду.  Окуучулардын көркөм чыгармаларды окууга болгон кызыгуусу артты. Окуучулар китеп - жан дүйнөнүн азыгы экендигине ынанышты
 
Кароолор (173)
 
 

 

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз

 



Top.Mail.Ru