Колдонуучу катары кирүү
 
 
 
Жарыялар
   

Биздин долбоорду колдоп, достор менен бөлүшүңүздөр

 

Кыргызстанда өзгөчө кырдаал жарыяланды
21:16, 21-март 2020
Кыргызстанда өзгөчө кырдаал жарыяланды

Кыргыз өкмөтү коронавирустан улам өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыялады. 

Азыркы тапта Кыргызстан боюнча коронавирус жуктуруп алгандардын саны 12ге жетти. Алар Сузак, Ноокат жана Баткен райондорунан.

Боом капчыгайынын кире беришине жана Сосновка менен Суусамыр айылдарына блокпосттор коюлган. Мындан тышкары, облустун чоң шаарларына дагы блокпост коюу маселеси каралууда.

Бишкек — Ош жолу жабылабы?

Ал эми Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат катчысы Кылыч Досумбетов Бишкек — Ош жолу сыяктуу облустар аралык автоунаа каттамдары жабылбай турганын билдирди.Бирок өкмөт өзгөчө кырдаал режими киргенден кийин бир шаардан экинчисине каттоо кыскартыларын айтып, түшүнүү менен кабыл алууга чакырат."Башка мамлекеттерде адамдардын катнашын азайтуу менен вирустун жайылышын токтотуп жатат. Ошондуктан муктаждык жок болсо эки жакка каттабай, үйдө отуруу зарыл. Ал эми мамлекеттик органдардын ишине, бизнес чөйрөсүнө, сатып алуу же кайсы бир регионго азык-түлүк ташыгандарга тыюу болбойт”, — деди Боронов.

 
Кароолор (141)
 
 

 

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз

 



Top.Mail.Ru