Колдонуучу катары кирүү
 
 
 
Жарыялар
   

Биздин долбоорду колдоп, достор менен бөлүшүңүздөр

 

Урматтуу Кара-Көл шаарынын тургундары
13:46, 23-март 2020
Урматтуу Кара-Көл шаарынын тургундары

Сиздерге кулактандыруу!

     Өзүңүздөргө маалым болгондой, акыркы күндөрү “Коронавирус” оорусуна  байланыштуу кырдаалдар курчуп бараткандыктан, шаардык Жалпы дарыгерлер практикалоо борборунун медицина кызматкерлери шаар боюнча бөлүнүп оорунун таркашын алдын алуумаксатында, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Чоочулабай угуп, маалымат алып коюңуздарды суранабыз!

         Эгерде сиздердин үй-бүлөңүздөрдө:

  • Дене табы көтөрүлсө;
  • Жөтөлсө;
  • Дем алуусу оорлошсо (кыйындаса);
  • Мурун бүтүп;
  • Алсырап, дене муундатып ооруса

Сөзүз 103кө кайрылып үйдөн чыкпай дарыгерлерди күтөбүз.

Дарыгерлер сунуштайт:

  • Үйдөн чыкпай отуруу зарыл, бөтөн адамды дагы киргизбей, карым катнашты убактылуу токтотуп туруу зарыл;
  • Үйдү желдетип, залаасыздандыруучу каражаттар (хлор, белизна, доместос, комет ж.б)кошулмасы менен нымдап тазалоо иштерин жүргүзүп туруңуздар;
  • Бир үй-бүлөдөн бир гана адам, зарыл болгон учурда дүкөнгө, дарыканага бет кап (маска) тагынып чыгып келүүгө болот, антисептик колдонууну унутпаңыз;
  • Жакшы жана туура тамактануу; (жер жемиш, суйуктук ысык чай, компот, жашылчалар)
  • Колду 20 секундан кем эмес самындап жууп туруңуздар;

Бул оору улгайган адамдар үчүн өтө коркунучтуу болгондуктан, жогорудагы эрежелерди сактоо менен, биз бул жакын адамдарыбызды ден-соолугун жана өмүрун сактап калууга толук мүмкүнчүлүк түзөбүз!

Жогору дагы айтылган сунуштарын аткаруу менен, өз жакындарыңыздарга жана биз медицина кызматкерлерине чоң жардам көргөзгөн болосуздар сиздерди терең урматоо менен Б.Рысбеков атындагы ЖДПБнун директору Ырысбеков Бакыт Абасбекович!

 
Кароолор (39)
 
 

 

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз

 



Top.Mail.Ru