Колдонуучу катары кирүү
 
 
 
Жарыялар
   

Биздин долбоорду колдоп, достор менен бөлүшүңүздөр

 

Кара-Көл шамы фондунан азык-түлүк
12:26, 21-апрель 2020
Кара-Көл шамы фондунан азык-түлүк

Кара-Көл шаарында мекеме-ишканалардан, жарандардан акча каражаты чогулуп Кара-Көл шамы фондуна түшкөн. Бул тууралуу Кара-Көл шаарынын мэриясынан билдиришти. Ошол каражаттын эсебинен 255 медицина кызматкерине жана 28 санэпидем көзөмөл борборунун кызматкерлерине азык-түлүк таратылды. Ар бирине 2 литрден май, 10 килограммдан ун, 5 килограмм кант жана 3 килограммдан макарон берилди. Каражат шаарыбыздын тургундарынан чогулган жана жалпы суммасы 226 400 сомду түздү.

 
Кароолор (276)
 
 

 

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз

 



Top.Mail.Ru