Колдонуучу катары кирүү
 
 
 
Жарыялар
   

Биздин долбоорду колдоп, достор менен бөлүшүңүздөр

 

100 дөн ашык үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды
11:08, 27-апрель 2020
100 дөн ашык үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Рамазан айы башталгандан бери “Мүрөк-К” коомдук бирикмесинде муктаждарга азык-түлүк таратуу кызуу жүрүп жатат.

Бишкектеги “Садака-жарыя” жамаатынан жана “Assanabil” фондунан “Мүрөк-К” коомдук бирикмесине азык-түлүктөр келип түшкөн.

26-апрель күнү муктаж жана убактылуу муктаж болгон 84 үй-бүлөгө азык-түлүк даярдалган, бирок 100 дөн ашык үй-бүлөгө жетти. Анын ичине “Assanabil” фондунан 150 кг макарон, 100 литр май, 100 кг май, 100 кг күрүч, 200 кг ун, 100 кг горох жана 50 кг перловка жана Бишкектеги Садакаджария жамаатынан 60 литр май, 120 кг күрүч, 120 кг шекер, 60 пачка чай, 180 кг макарон, 120 кг горох келген.

53 миң сомго бир кунаажын союлуп (170 кг) эти кошо таратылды.

Белгилей кетсек 25-апрель күнү да орозо кармагандарга ооз ачуу үчүн азык-түлүк таратылган. Анын ичинде ар бир үй-бүлөгө бир кап ун (50 кг), 5 литр май ж.б. берилген. Жалпысынан 400 кг күрүч, 400 кг шекер, 400 кг макарон, 800 даана жумуртка, 60 кг уй эти, 4000 кг ун 80 үй-бүлөгө таркатылган.

 
 
Кароолор (348)
 
 

 

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз

 



Top.Mail.Ru