Колдонуучу катары кирүү
 
 
 
Жарыялар
   

Биздин долбоорду колдоп, достор менен бөлүшүңүздөр

 

Сасык, бирок сапаттуу секонд хенд
7:02, 11-август 2019
Сасык, бирок сапаттуу секонд хенд

Дүкөндөрдөн фирманын кийимдерин алып кийүүгө каржы маселеси мүмкүнчүлүк бербесе, базардагы сапатсыз кытай кийимдерин кийүүнү каалабасаңыз, анда эмне кылуу керек? Албетте, мындай абалдан чыгуунун жолу бар. Аны үчүн секонд хенд кийимдери дүкөнүнө баруу керек.  Second-hand англисчеден которгондо “экинчи кол” деген маанини берет. Бир эле кийимди экинчи жолу башка адам сатып алат. 
 
Секонд хендге талап көбөйдү 
 
Мындан 10-15 жыл мурда Европадан алынып келинген эски кийимдер чанда кезикчү. Ага болгон талап да аз болчу. Азыркы учурда өлкөбүздө секонд хенд кийимдерин саткан дүкөндөрдү кездештирүүгө болот. Негизи соодада талапка жараша сунуш болот эмеспи. Демек, талап көбөйгөн го. Албетте, кытайдын синтетикадан жасалган кийимдерин кийгенден көрө эски да болсо сапаттуу, пахтадан жасалган кийим кийгеним жакшы деген ойду кармангандар эл арасында көп. 
Сатуучулардын айтымында кардарлардын көпчүлүгү жакыр адамдар эмес, тескерисинче, мекемелерде иштеген, колунда бар шаар тургундары. Анткени алар кийимдин сапатына маани беришет. Анын үстүнө секонд хендде ар бир кийим бирден гана болгондуктан өзгөчөлөнүп кийинүүгө шарт түзөт. 
 
Салыктын ордуна эски буюм 
 
Өнүккөн Батыш өлкөлөрүндө, АКШда жарым жылда же бир жылда бир жолу кийимдерин алмаштырып туруу адатка айланган. Ар бир өлкөдө буюм топтоо эрежеси ар кандай. Бул мамлекет тарабынан колдоого алынган көрүнүш. Мисалы, Америкада өткөрүлгөн буюмдар үчүн салыктын белгилүү бир бөлүгүн төлөөдөн бошотушат. Секонд хендге үйбүлөлөрдөн сырткары сатуучулар да дүкөндөрдө калган товарларды өткөрүшөт. Буюмдарды алып, ылгап, химиялык тазалоодон өткөрүп сатыкка чыгарган компаниялар иштешет. Алардын иши санитардык көзөмөлдөн өтүп, мыйзам чегинде иштегендиктен андай кийимдерди кийүүдө кооптонуунун кереги жок экендиги айтылат.
Секонд хенд дүкөндөрүнүн ээлери секонд хенд компанияларынан дүңүнөн сатып алышат.   
 
Сатып алууда эмне көңүл буруу керек? 
 
Секонд хенд дүкөндөрүнөн өзүңүз каалаган үлгүдөгү, өлчөмдөгү кийимди таба алышыңыз кыйын. Анткени ар бир кийим бир-бирден эле. Андыктан көңүл коюп карап көрүп өзгөчө бир кийимди таап алышыңыз толук ыктымал. Карап жатканыңызда кийим жаңыдай эле көрүнүшү мүмкүн, бирок, кунт коюп карап чыгыңыз, анткени кайсы бир жеринде так же тешик болушу мүмкүн. Андай учурда өзүңүз такты кетирип алаарыңызды айтып, сатуучудан арзандатуусун сураңыз. Ал эми сапаты жагын ойлонбой эле койсоңуз болот. Анткени батыш өлкөлөрүндө белгилүү маркадагы кийимдердин оригиналдары сатылат. 

Секонд хенд баалары 
 
Секонд хенд дүкөндөрүндө сатуу ыкмасы үчкө бөлүнөт: килограммдан сатуу, баарын бирдей баада сатуу жана ар кандай баада сатуу. Модалуу, жакшынакай кийимдер кымбатыраак болот. Эгер килограммдап сатылса, анда кийимдин кандай экенине карабай бирдей баада алууга болот. 
Убакыт өткөн сайын эски кийимдердин баасы да кымбаттоодо. Ошентсе да башка дүкөндөрдөгү кийимдерге салыштырмалуу арзан.
Мындай дүкөндөрдө кийимдерден сырткары баштыктарды, оюнчуктарды, ошондой эле үйгө керектелүүчү буюмдарды да табууга болот. 
 

Даярдаган Назира ТИЛЕКОВА

 
Кароолор (168)
 
 

 

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз

 



Top.Mail.Ru