Кыргызстан Кызыл Жарым Ай Коомунан жардам |
12:35, 9-август 2020 |
![]() |
Кара-Көл шаарындагы аз камсыз болгон жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 50 адамга азык-түлүк жана 20 адамга 3150 сомдон акчалай жардам банктагы эсепке которуу жолу менен беришти. Ошондой эле күндүзгү стационарга гигиеналык каражаттарды, самын жана тазалоочу каражаттарды тапшырышты. Көчөлөрдөгү көрүнүктүү жерлерге 4 даана баннер (коронавирустун алдын алуу чаралары) илинди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Кыргызстан Кызыл Жарым Ай Коому бул убакка чейин да шаарыбызга көптөгөн жардамдарды азык-түлүк, кийим-кече ж.б. берип келген. |
|
Кароолор (507)
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз