Колдонуучу катары кирүү
 
 
 
Жарыялар
   

Биздин долбоорду колдоп, достор менен бөлүшүңүздөр

 

ИСХАК РАЗЗАКОВДУН ДАҢКТУУ ЖОЛУ
7:08, 11-август 2019
ИСХАК РАЗЗАКОВДУН ДАҢКТУУ ЖОЛУ

«Тагдырды болжоп болбойт экен, бир жерде туулат экенсиң, башка бир  жерде жашайт экенсиң, ал эми  көзүң жумулуп кетсе бөтөн жердин топурагы буйруп калгандары канча…»  (И.Раззаковдун күндөлүгүнөн ) 
 
Улуу инсандын күндөлүгүнө түшүргөн ушул саптарын окуп жатып,  ал өзүнүн өмүр жолун бүтүндөй эле алдын ала айтып  койгондой туюлат.  Кыргыз элинин өнүгүү тарыхында өзгөчө орунду ээлеген    Исхак Раззаков 1910-жылы 25-октябрда  азыркы Лейлек районундагы Коросон айлында жарык дүйнөгө келген. Азан чакырылып коюлган аты -  Исак, балдар үйүндө тарбияланып жүргөндө ката кетип, ошол бойдон Исхак болуп калган. Атасы Раззак Сүлүктүдөгү көмүр шахтасында шахтер болуп иштеген. Ошол кезде шахтёрлордун  турмуштары абдан оор болгондуктан ден соолукка залакасы тийбей койгон жок.  3 жашка чыкканда апасы Жамийла дүйнөдөн кайтып, ал эми 8 жашында атасы каза болот.  Бактысына жараша Октябрь революциясы жеңип, совет өкмөтү Исхакка окшогон жетим балдарды балдар үйүнө алып, окутат. Анын балалык чагы тажиктердин Ходжент шаарында, андан кийин Өзбекстандын  Ташкент шаарындагы интернатта өтөт. Бул жерлерде окуп жүрүп, ал өзбек, тажик, орус тилдерин үйрөнөт. Табиятынан  зирек, тырышчаак, акылдуу, эмгекчил, көзү балбылдаган  жагымдуу бала билимге өтө дилгир, жөндөмдүү  болуп чыгат. 
Ташкенттеги педагогикалык  техникумду бүткөндөн кийин мугалим болуп иштейт. Андан кийин 1936- жылы Москвадагы пландоо институтун аяктап,  жогорку билимге ээ болот.   Өзбекстанга кайтып келип,  пландоо комиссиясында иштеген.  8-9 жашында Кыргызстандан кеткен Исхак Раззаков тагдырдын буйругу менен 27 жылдан кийин кайра кайтып келет. 1945-жылы  Кыргыз Республикасынын Министрлер Советинин Председатели болуп дайындалган. Ал эми 1950-51-жылдары Кыргызстан БК нын 1-секретары болуп иштеп, Кыргызстанды алгачкы жолу кыргыз саясатчысы башкарган. Ал башчылык кылып турган учурда Кыргызстан гүлдөп өскөн: Ош-Бишкек жолу,  Кемин- Балыкчы темир жолу, көп ГЭСтер курулган. Абдан көп ири өнөр жай ишканалары:  физприбор заводу, автомашина жыйноо заводу, Оштогу пахтадан кездеме жасоо комбинаты, комволдук-нооту комбинаты, Октябрдын 40 жылдыгы фабрикасы ж.б. ишке киришкен. Раззаков  жогорку билимдүү кадрларды тарбиялоого, өзгөчө техникалык жогорку окуу жайында инженер-адистерди даярдоого көп көңүл бурган. Ал республиканы башкарган учурда  8 жогорку окуу жайы, (анын ичинде политехникалык институт) Кыргыз Илимдер Академиясы ачылган.
Ал бүт өмүрүн мекенге кызмат кылууга арнаган. Ал 18-мартта 1979-жылы дүйнөдөн кайткан жана сөөгү өзү жазгандай  бөтөн жерде,  Москва шаарыдагы  Кунцево көрүстөнгө коюлган эле.  Акыркы сапарга узатууга  Кыргызстандан атайын расмий делегация барбаса да, өз каалоолору менен көптөгөн кызматкерлер, окумуштуулар, студенттер коштошууга келишкен.    Кыргыз элине, жерине опол тоодой эмгек сиңирген  инсандын сөөгүн  туулган жерине алып келүү мындай турсун, кыргыз өкмөтү тарабынан эскерип, көңүл айтып, аза кайгысын бөлүшкөн бир сап некролог да жазылган эмес экен… 
 
«Күчтүүдөн коркпо. Өзүңдүн алсыздыгыңан корк» 
(И.Раззаковдун күндөлүгүнөн)
 
 
И.Раззаков чыныгы гумандуу адам болгон, ал чын ниетинен адамдарга жакшылык кылып, сүйө билген.  Табиятынан  өтө  жөнөкөй, бир калыбынан жазбаган, улууну урматтап, кичүүлөрдү сыйлаган адамдан башкача жаралган бир жан болгон экен. Ал: «Мен бир нерсе колунан келе турган кишини урушам, түшүнбөгөндү миң урушсаң деле  нервиңди короткондон бөлөк эч нерсе чыкпайт.  Жөндөмдүү адамдан жардамыңды аяба, ал иштин майын чыгара аткарат», деп айрыкча күчтүү кадрларга  таянган жана ошентип күндөлүгүнө жазып кеткен экен.  Жөндөмдүү, сабаттуу кадрларды ишке тартып,  иштете билген. 
Исхак Раззаков  күчтүү экономист болгон экен. Анын убагында курулуш индустриясы өнүгүп, көмүр жана нефть-газдык өнөр жайлар кайрадан түзүлүп, ишке киргизилген. Айрыкча, транспорттун бардык түрлөрү, автомобиль жана аба каттамдары өзгөчө өнүгүү жолуна түшкөн. Сымап өндүрүү да бир топ өнүгүү жолуна түшүп, кыргыз сурьмасы дүйнөлүк рынокко чыккан.  Ошондой эле айыл чарбасы тармагында мал чарбасы менен эт, сүт, жүн, пахта, кант кызылчасы, кенаф өндүрүү болуп көрбөгөндөй ийгиликтерге жетишкен. 
Темир жолдордун пайда болушу ири өнөр жайдын,  өзгөчө  тоо кен жана металлургиянын өсүшү менен тыгыз байланышта каралат.  1950-жылы аяктаган Кеминден Балыкчыга чейинки курулган жол экономикалык байланыштарды чыңдады. Борбордук Азия, Россиянын чоң-чоң шаарлары  менен байланыштырган  бул темир жол азыр да көптөгөн зарыл функцияларды аткарат. Исхак Раззаковдун бул ишке салымы абдан чоң болгон. Ал И.В.Сталин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп,  Мамлекеттик планга киргизүүгө жетишкен. 

Ошол кездеги Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун Председатели Төрөбай Кулатовдун эскерүүлөрүнөн:    
 
Быстровкадан Балыкчыга чейинки темир жолдун курулушундагы окуя 
 
И.Раззаков Кыргыз ССРине Министрлер Советинин Председатели болуп кызматка келгенде  «өлкөдөгү Эл чарбачылыгын калыбына келтирүү боюнча согуштан кийинки беш жылдык план» деп аталган 1946-1950—жылдардын беш жылдык планы каралып жаткан экен. Ошондо  кыргыздын бул чыгаан уулу Быстровкадан Балыкчыга чейин  темир жол куруу маселесин көтөрүп чыгат. Бул маселе боюнча ал  Москвадагы Жол Министрлигине бир нече жолу кайрылып, сүйлөшүп чыгат.  Ошондой эле Мамлекеттик пландоо комиссиясынын транспорт боюнча комитетинин төрагасынын орун басары  Лазар Моисеевич Коганович менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, бирок негедир маселе чечилбей кечеңдей берет. «Экономикалык жактан кирешелүү эмес, стратегиясы максатсыз» деген курулай шылтоолорду айтышып, планга киргизүүдөн баш тартышат. 
Ошондо Исхак Раззаков  жолдош Сталинге кирүүнү сунуш кылат. Ал кабыл алууга жазылып, белгиленген күнү И.В.Сталинге кирип, ушул каттам боюнча темир жол куруу  планын айтып, мотивдерин жеткиликтүү кылып түшүндүрүп берет. Буларды кунт коюп уккан Сталин телефонду бурап, бирөөлөргө чалат да минтип айтат: «Бул жерде менде Кыргызстандан келген жолдоштор отурат. Темир жол куруу боюнча беш жылдык планга киргизип коюуну өтүнүп жатышат»,- дейт. Сыягы телефондон «Куруунун зарылчылдыгы жок» деген жооп алган окшойт, анда Сталин минтип суроо берет экен: «Сиз Кыргызстанда канча жолу болдуңуз эле?”
Телефондо жооп жок…. “Мына көрдүңүзбү? Сиз таптакыр болгон эмес турбайсызбы. Анда мен дагы болгон эмесмин. Ошондуктан бул жерге келген жолдошторго ишенишибиз керек. Зарыл болуп, ошону көрүп, анан келип жатышпайбы. Биз барбасак, кайдан билебиз, экономикалык жактан пайдасыз, стратегиялык жактан максатсыз экендигин?” - деп туруп трубканы коюп салат.
Ошентип алар И.В.Сталиндин кабыл алуусунун чыккандан кийин эле аларды Мамлекеттик пландоо комиссиясында күтүп жаткандыгын айтышат.
Мына ошентип, кыргыздын даңктуу уулдары Исхак Раззаков жана Төрөбай Кулатовдун жан күйүп чуркагандыгынын натыйжасында  Быстровка-Балыкчы темир жолу курулуп калган экен. 
Ошондой эле «Фрунзе-Суусамыр-Жалал-Абад-Ош автожолун куруу жөнүндө» долбоору боюнча 3200 метр бийиктикте Түндүк менен Түштүктү бириктирип турган  көпүрө, Төө-Ашуу ашуусунда 3 км.ге жеткен тоолорду тешип өткөн тоннелди курууга да негиз салып кеткен. 
Аба каттамдары кеңейип, республиканын борборунан  райондордун борборлоруна чейин  аба  жолдору ачылган. Эл  чарбачылыгында  санитардык, токойчулук жана айыл чарбачылыгында  атайын авиациялар иштеп, Кыргызстан бир топ алдыга кеткен. 
Мектептерде кыргыз тилин окутууга көбүрөөк саат бердирүүгө жетишип, мектеп жана бала бакчаларында бекер тамак берүүнү уюштуруп берүүгө жетишкен. Бирок,  ушул фактылар кайра  кийин өзүнө каршы компромат катары пайдаланылган. 
 
«Коом – сен жана мен. Эгерде сен ак болсоң, мен ак болом, ошондо коом да таза болот» (И.Раззаковдун күндөлүгүнөн) 
 
И.Р.Раззаков – Кыргызстандын тарыхындагы  жарык жылдыз. Бул адамдын сырткы сулуулугу, жагымдуулугу ички дүйнөсүнө, маданиятына  дал келип, кичи пейилдиги жуурулушуп тургандай таасир берген. Айрыкча ташка тамга баскандай ачык дикциясы менен орундуу, так сүйлөгөн сөзү көпкө чейин эстен чыкпай жагымдуулуктун туткунунда калганын сезбей калышчу экен. Ал келечекти көрө билген аналитикалык талдоосу менен логикалык ой жүгүртүүсү айкалышкан проблеманы чечүүдө масштабдуу стратегиялык пландарды түзө билген акылына мол тажрыйбасы дал келген өзгөчө инсан. Ыплас саясаттан алыс болуп, өзүнүн тазалыгы, чынчылдыгы менен ошол саясатты да эл кызыкчылыгы үчүн иштеткен. Элди улутуна, жынысына карабай бир ууч кылып бириктирип, бардык күчүн  күчтүү өлкө болууга үрөгөн.   Кандай проблема болбосун укмуштуудай тездик менен жепжеңил эле чече алган. 
Биз  ойлойбуз, Кыргызстанга азыр дал ошол И.Раззаковдой уникалдуу таза инсан, башкаруучу жетишпей жатат. Эл да ушундай жетекчиге чаңкап турат. Ар бирибиз: «Мен  таза болсом, сен таза болсоң,  коом да таза болот» деген принципти кармансак, бир аз да болсок, өз үлүшүбүздү кошор белек?... 
 

«Турмуш – катаал, өлүм – ак. Туулдуң – өлдүң. Деги  өлбөстүк барбы?  Ооба, бар, ал – эмгек.  Эмгек гана өлбөстүктү жаратат.» (И.Раззаковдун күндөлүгүнөн) 
 
Ооба, эмгек өлбөстүктү жаратат.  Көрө албастар колунан келишинче каршылык көрсөткөнүнө карабастан элдин сүймөнчүгүнө айланып, сүйүүсүнө арзыган бул адам унутта калган жок. Учурунда аны туулган жерине алып келип, адамча коштошуп, көмө албасак да, ушундай улуу инсандын баркына жете албасак да,  мамлекетибиз эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин көптөн тилеген мезгил келип жетти окшойт. Атайын комиссия түзүлүп, маркумдун акыркы осуяты орундалып, сөөгү мекенине алынып келинип, Ала-Арча көрүстөнүнөн жай алды. Кыргыздарда «пейилине жараша» деп коюшат эмеспи,  мүрзөнүн үстүнө коюлган атактуу скульптор Т.Садыковдун колунан жаралган эстелиги да өзгөчө жандуу чыккан дешет  адистер. Кыргыздын чыгаан уулу И.Раззаков тарыхтан өз ордун таап, анын көп кырдуу өлбөс-өчпөс эмгектери  эскерилип, тиешелүү баасын алып жатат.  Жаркын инсандын аты бир кездерде өзү түптөгөн Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине берилген. Мындагы «Экономикалык журналистика жана реклама» кафедрасы ар жыл сайын туулган жана каза болгон күндөрүн эскеришип, гүл коюп, эскерүү сааттарын өткөрүүнү адатка айландырып алышкан. Мүрзөсүнө куран окушуп, Исхак Раззаковго ыр дестелерин  арнашат. (Таң калыштуусу - качан барбагын мүрзөнүн үстүндөгү гүлдөрдүн жаңыланып турушу мында келгендердин саны арбын экендигин кабарлайт.) Аудиторияларда документалдуу фильмдер көрсөтүлүп, көргөзмөлөр уюштурулат. Айрыкча, шаардагы И.Раззаковдун үй музейиндеги кызматкерлер менен тыгыз байланышта болушуп, ар кандай иш чараларды өткөрүүгө жардамдашышат. 
Исхак Раззаковго окшогон  уникалдуу адамдар жер бетинде чанда төрөлөт дешет.  Байтикке кире бериш жерлерде, Бишкектин тегерегинде созулуп жаткан  дөбөлөрдө миңдеген фисташка жана миндаль дарактары керилип,  бөтөнчө кооздук берип турат. Мына ушул дарактар  дагы кезинде Исхак Раззаковдун демилгеси менен  отургузулуп калган экен.  Азыр алар дүпүйүп көгөрүп, мөмө бере баштады. Ошол сыяктуу эле көрүнүктүү коомдук ишмердин, таланттуу жетекчинин жасаган эмгектери жерде калбай,  анын даңктуу жолун улантуучу инсандар  көбөйүп, мамлекетибизге пайдалуу иштерди жасап, элдин кызыкчылыгын өздөрүнүн кызыкчылыктарынан жогору коюшса экен  демекчибиз.   
 

Бостонова П.З. – «Экономикалык журналистика жана реклама» кафедрасынын профессору 
 
   Таирова А.Э - «Экономикалык журналистика жана реклама» кафедрасынын доценти

 
Кароолор (132)
 
 

 

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз

 



Top.Mail.Ru