Колдонуучу катары кирүү
 
 
 
Жарыялар
   
Үй-бүлөбү же карьерабы?
7:24, 11-август 2019
Үй-бүлөбү же карьерабы?

Байыртадан элибизде аялзатынын орду үйдө деп айтылып келет. Ал бала багып, даамдуу тамак даярдап,  үй иштерин жасашы керек деген түшүнүк бизге сиңген. Ал эми үйбүлөнү эркек камсыздандырат. Албетте, бул илгертеден калган түшүнүк болгону менен каныбызга сиңген. Бирок, ааламдашуунун таасиринде замандын өзгөрүшү менен аялдар бардык иштерде тең укуктуулукка жетишип, эркектер менен теңтайлашып, коомчулуктун иштерин өз мойнуна алууда. Анткен менен карьера дегенде жанын берген аялзаты да өзүнүн эң негизги эне, жар болуу милдетин аткарууну көксөйт.  Ошентсе да көбүнчө үйбүлө үчүн карьераны же карьера үчүн үйбүлөнү курмандыкка чалууга туура келет. Албетте, экөөнү айкалыштырганга да болот. Бирок, буга карата “аялзаты үйгө да, балага да, жумушка да, баарына чуркайт, өз башына ашыкча жумушту үйүп алды” деген пикирлер да жок эмес. Анткен менен аялзаты коомчулуктун иштерине аралашып, көз карандысыздыгын, тең укуктуулугун коргогонго жетишип жатат. 
 
Исламда 
 
Аялдардын билимдүүлүгү – бүтүндөй коомчулуктун билимдүүлүгү 
 
Ислам дининде аял менен эркектин укугу бирдей. Динде аялдын карьерасына эч кандай тоскоолдук жок. Шарияттын жана мамлекеттин мыйзамдарына каршы келбеген жумуш түрүн тандап алууга аялдар укуктуу. Бирок, аялдын негизги милдети бала тарбиялоо, үйдүн кутун сактоо болушу керек. Мухаммед пайгамбарыбыз аялзатын өтө жогору койгон. Мисалы, пайгамбарыбыздан бирөө “мен кимге жакшылык кылышым керек?” деп сураганда, ал “биринчиден энеңе жакшылык кыл” дейт. Экинчи жолу “дагы кимге жакшылык кылайын?” дегенде кайра эле “энеңе жакшылык кыл” дейт. Үчүнчү жолу сураганда да ошол эле сөздү айтат. Төртүнчүсүндө гана “атаңа жакшылык кыл” деген экен. 
 
Илим-билимге умтулган мусулман аялдарынан көрүнүктүү мисалдар көп. Ислам илимин окуу боюнча эң үлгүлүүсү Мухаммед пайгамбарыбыздын аялы Айша. Ал бала кезден эле акылдуулугу, чыйрактыгы, билимге умтулгандыгы менен айырмаланган. Аялдар арасында анын кадыр-баркы жогору болгон жана ага ар түрдүү маселелер боюнча кеңеш алуу үчүн кайрылып турушкан. 
 
Мусулман аял эң негизги милдети – бала тарбиялоо менен алектенет эмеспи. Эгер аялдын динден кабары жок болсо балдары кайдан ыйман сабагын алмак эле? Аялдардын билимдүүлүгү – бул балдарынын билимдүүлүгү, а балдардын билимдүүлүгү – бүтүндөй коомчулуктун билимдүүлүгү. Балага баштапкы билимди эне берет: бизди курчап турган дүйнөнүн түзүлүшү, эсептөө, жазуу, окуу сыяктуу. 
Ошондой эле Ислам дини дүйнө илими менен дин илимин экиге бөлүп салбаганын эске алуубуз керек. Физика, биология, астрономия, медицина жана башка илимдердин баары – Жараткандын мыйзамдарына баш ийет да. Аллах билимдүү адамдын даражасын жогору койгон. Айрым хадистерден мисал келтирсек: 
“Илим жолуна түшкөн адамга Аллах бейиштин жолун жеңилдетет” (Муслим). “Илим издеп чыккан адамга периштелер ыраазычылык билдирүү максатында канаттары менен аны калкалап турушат” (Ат-Тирмизи, Ибн Маджа).   
 
Мыйзамда 
 
Эмгек жана жумуш менен камсыз болууда аялдар 
 
Аялдарга карата дискриминациянын бардык түрүн жоюу боюнча конвенциянын 11-беренесинде: 
Эмгек – ар бир адамдын укугу. Мамлекет эмгек жана жумуш менен камсыз болуу боюнча бардык дискриминацияны жоюп, аялдарга да, эркектерге да бирдей талаптарды жана шарттарды түзүүсү керек:
1. кесипти тандоодо;
2. жумушка кабыл алууда;
3. кызмат ордунан теңдик менен көтөрүлүүдө;
4. кесипке даярдоодо жана тажрыйбасын жогорулатууда;
5. эс алууда акы төлөөдө, жеңилдиктерде, кошумча акы берүүдө;
6. пенсияга чыкканда социалдык жактан камсыздоодо, жумушсуздукта, ооруганда, майып болгондо, картайганда. 

Мамлекеттин аялдар алдындагы милдеттери:
1. Саламаттыкты сактоодо, эмгектенүүдө коопсуз шартты түзүүдө, балалуу болуу функциясын сактоодо аялдарга эркектер менен тең укуктуулукту камсыздоо;
2. үй-бүлөлүү аялдарга, энелерге карата дискриминацияга жол бербөө жана аларга эмгектенүү укугун камсыздоо;
3. кош бойлуулук үчүн жумуштан кетирүүгө тыюу салуу, жумуштан кетирген адамды жазалоо, үй-бүлөлүк абалга, кош бойлуулукка, төрөөгө байланыштуу эс алууну камсыздоо;
4. мурдагы жумуш ордун, социалдык жеңилдиктерди, пособиени, эмгек стажын сактоо менен бирге кош бойлуулук, бала төрөө үчүн акы берилүүчү эс алууну камсыздоо;
5. ата-энелерге үй-бүлөлүк милдеттери менен жумушун, коомчулуктун жашоосуна катышуусун айкалыштырууга шарт түзүп берүү;
6. мектепке чейинки балдар мекемелерин түзүү жана алардын санын көбөйтүү. 

 

Даярдаган Назира ТИЛЕКОВА

 
Кароолор (259)
 
 

 

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз

 



Top.Mail.Ru