Колдонуучу катары кирүү
 
 
 
Жарыялар
   

Биздин долбоорду колдоп, достор менен бөлүшүңүздөр

 

Мухаммед пайгамбар С.А.В.дан диета
11:16, 11-август 2019
Мухаммед пайгамбар С.А.В.дан диета

Мухаммед пайгамбарыбыз С.А.В. “Ашказандын үчтөн бир бөлүгүн тамак менен, экинчи бөлүгүн суу менен, калган үчүнчү  бир бөлүгүн аба менен толтургула” деп айткан. Чың ден соолукта, узак өмүр сүрүп жашаш үчүн бул сөздү дайыма эске тутуп жүрүү керек. Ушундайча модалуу диеталарды кармоонун, пластикалык операция жасатуунун кереги жок болуп калат. 
 
Окумуштуулар бир канча тажрыйбаларга таянып, адамдын ашказаны толуп турбаган учурда толук кандуу, терең дем алууга мүмкүнчүлүк түзүлөөрүн аныкташты. А терең дем албоо өмүрдүн кыскарышына алып келет. 
Организмдеги кан көмүр кычкыл газынан тазалануу үчүн өпкөгө түшөт. Эгер терең дем алуу болбосо албетте, кислород керектүү өлчөмдө түшпөйт, анын натыйжасында кан өзүнө керектүү өлчөмдөгү кислородду алалбастан кайра органдарга кетет. Бул ден соолукту начарлатат. 
Бир мүнөттө 16 жолу дем алып, чыгарабыз. Ар бир дем алууда организмге жарым литр аба кирет. Бир суткада адам 23 240 жолу дем алып, чыгарат, анын натыйжасында организмге 11 620 литр аба кирет.
Бирок, терең дем алынганда толук кандуу дем алуу болуп эсептелет. Эгер ашказан толуп турса өпкөгө аз өлчөмдө аба кирип, зат алмашууга, кандын тазаланышына таасирин бериши менен ар кандай оорулар пайда болот. 
 
Бул төмөндөгү окуяны эске сала кетейин.
Бир күнү пайгамбарыбыз С.А.В.га баалуу белектер менен бирге мыкты дарыгерди жиберишет. Ал дарыгерди кайра артка узатып жатып: “Биз курсагыбыз ачканга чейин тамак жебейбиз, негизинен эле тоюп тамак жебейбиз, ошондуктан дарыгерге муктаждыгыбыз жок” дейт. 
Бул хадис менен йоганын “Эгер ачкалыкты сезбестен дасторкондон турсаңыз, билиңиз: өзүңүздү тамак менен ууктурдуңуз” деген ырастоосу да үндөшөт. 
Пайгамбарыбыз С.А.В. билгенин илимий жактан изилдегенге мүмкүнчүлүгү болгон эмес. Мына эми пайгамбарыбыз С.А.В. айткандарынын жөнү бар экени илимий жактан далилденип жатат. 
 
Диета 
 
Диета – бул дарылануучу тамактануу, анткени медицинада ушундайча чечмеленет. Диетанын тарыхы байыркы замандарга карай кетет. Байыркы ата-бабаларыбыз үчүн диета ар кандай оорулардан арылтуучу биринчи жана жалгыз ыкма болгон. Кийинчерээк дары чөптөрдү, жасалма дарыларды колдонуп башташканда диета менен дарылануу экинчи планга өтүп калган. Ошентсе да азыркыга чейин дарыгерлер оорулууларга атайын диетаны  сунуштап келишет. 

  
Туура тамактануубу же дени сак адамдар үчүн диетабы? 

 
Азыркы убакта диета деген түшүнүк өзгөрүп бараткандай. Диета ооруулардан айыгуу үчүн эмей эле ден соолугу чың айымдардын арыкташ үчүн колдонгон ыкмасы болуп калды. 
Эмнеси болсо да диетанын тарыхы жөнүндө айта кетели. Диета – туура, рационалдуу тамактануу, анын негизи 14 кылым мурда Исламдын пайда болушуна келип такалат. 
Исламда туура тамактануунун да эрежелери бар. Адам өзүнө руханий жактан да, дене-бой жактан да кам көрүшү керек. 
 
Ислам боюнча туура тамактануунун эң негизги принциби – ашыкча тоюп албоо. Хадистерде пайгамбар С.А.В. мындай айтканы бар: “Адам баласы тарабынан толтурулган эң жаман орган – бул анын ашказаны. Адамга керектүү күчтү алганга ылайыктуу тамак жеген жетиштүү”. 
Ашыкча тоё тамактануу ден соолукка зыян экенин дүйнөлүк илимпоздор дайыма айтып келишет. Көбүнчө өнүккөн өлкөлөрдө адамдар абдан семирип кыймылдай албай калышканы дарыгерлерди тынчсыздандырууда. Ашыкча салмактын айынан  инсульт, инфаркт, кант диабети сыяктуу оорулар көбөйүүдө. Жүрөк оорусунан көз жумгандар боюнча биринчи орунда Европа, Түндүк Америка, Россия жана башка өнүккөн өлкөлөр турат. А анын себеби – ашыкча тамактануу. 
Албетте, бүгүнкү күндө дүкөндөрдө көздүн жоосун алган азыктар, кайсы жерди караба көзгө урунган азыктардын жарнамасы. Анын үстүнө кардарды өзүнө тартуу үчүн ар кандай таттуу жыт берүүчү заттарды колдонушат. Мындай жагымдуу жыттан мээ эйфория абалында калып, денени баш эмес ашказан башкарып калат. Ашказан кантип болбосун таттууларды болушунча сугунуп алыш керек дейт, а акыл-эс бул учурда четтеп калат. Ошондуктан адистер дүкөндөргө курсакты тойгузуп алып анан барууну сунушташат. Ошондо таасири азыраак болот.    
Чындыгында көпчүлүк адамдар эмнени жегенине, кантип жегенине акыл жүгүртүшпөйт. Адам биринчи жеп алууну ойлойт, анан эмнени канчалык көлөмдө жегенин, пайдасын, зыянын ойлонуп баштайт. 
Дүкөндөн түрдүү азыктарды алып жатып ойлонуп көрөлүчү: Африкада адамдар айлап-күндөп бир тиштем азыкка зар болуп, ачкалыктан жан берип жатканын, а биздин курсак ток, кайгы жок экенин. Бул жерде Мухаммед пайгамбардын убагын эстей кетүү керек. Ал убакта эч ким кошунасынын ачка отурган билип туруп тамагын бөлүшпөстөн жей алган эмес. 
Айтмакчы, дагы бир кызыктуу мыйзам ченемдүүлүк бар:ашказанга канчалык көп кирсе кийинкисинде андан да көптү талап кылат. 
Эгер тарыхка кайрылсак, төмөнкүлөрдү эстөөгө болот. 
Орто кылымдарда Европадагы аристократтар ашыкча тамактанганы менен өзгөчөлөнүшөт. А карапайым элдер ачкалыктан өлүмгө дуушар болуп жатышкан. Ошол эле мезгилде мусулман өлкөлөрүндө мындай көрүнүш болгон эмес. Анткени зекет берүү, кайрымдуулук иштери болгон. 
 
Назира МАНАС кызы

 
Кароолор (238)
 
 

 

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз

 



Top.Mail.Ru