Колдонуучу катары кирүү
 
 
 
Жарыялар
   
Түгөйлөрдүн ортосундагы мамиле канткенде бекем болот?
11.22, 11-август 2019
Түгөйлөрдүн ортосундагы мамиле канткенде бекем болот?

Сүйүүнүн түбөлүктүү болушунун касиети эмнеде экендиги баарына сыйкырдуу табышмак болуш керек. Бул дүйнөдө түбөлүктүү махабат жашайбы? Көп учурда адамдар сүйүүнүн түбөлүктүү болушуна көздөрү жетпейт. Беш кол тең эмес дегендей ар бир адамдын ою ар башка эмеспи. Эмнеси болсо да жарыктыкта сүйүү сезими жашап келген жана жашай берет. Ал эми сүйүүнүн түбөлүктүү болушу ар бир адамдын өзүнөн. Андыктан ынтымактуу жашайм десеңиз жөн жерден уруш чыгарбаңыз. Чындыгында эле көпчүлүк учурда эч себепсиз эле эртеден кечке күңкүлдөп
бири-биринин көңүлүн түшүрө бергендер да кездешет.
 
 
Айымдарга кеңеш 
 
Түгөйүңүз түбөлүктүү болушу үчүн жакшы сөз айтууңуз керек
Сүйүктүү адамыңызды таптыңыз. Ага суктанып, анын ар бир кыймылын көз жаздымыңыздан кетирбей... айтор, сиз үчүн ал эң жакын адамыңызга айланды. Бирок “канткенде сүйүктүүмдү түбөлүккө кармап калам?” деген суроо тынчтык бербей келет. 
Ар бир адам өзүнүн дарегине айтылган жакшы сөздү уккусу келет. Ал эми эркектер бул нерсеге өзгөчө басым жасашат. Ошондуктан, сүйүктүүңүзгө чын ниеттен жакшы сөздөрдү арнап туруңуз. Эркектердин жүрөгүнө жол бир гана ашказандан башталбайт. Анын жасаган жумушун, мүнөзүн баса белгилеп турсаңыз көңүлү көтөрүлүп, өзүн керектүү сезет. Бирок аша чаап кетпеңиз. Эркектер жасалма мактоо менен чыныгы мактоону оңой эле ажырата алышат. 
 
Түгөйүңүздүн оң колу болуңуз
Көпчүлүк мырзалар айымдарга салыштырмалуу физикалык жактан чарчаганда ой жүгүртүүсү жайлап, эч нерсеге көңүл бургулары келбей калат. Бул учурда сиз ага бир күн кечке эмне жумуш бүтүргөнүңүздү, кимди көргөнүңүздү баштан аяк айтып бергиңиз келип турса да өзүңүздү карманыңыз. Андан көрө анын жумушунун кандайдыр бир бөлүгүн өз мойнуңузга алып, ага жардам сунуштаганыңыз туура болот. Эркектердин көбү жеңилин жерден, оорун колдон алган айымдарды жакшы көрүшөт. 
 
Алсыздык
Баардык эле учурда күчтүү боло бербей, кээде алсыз болуп, сүйгөнүңүздүн жардамына муктаж экениңизди билдириңиз. Мындай кездерде жактырган мырзаңыз сиз үчүн отко-сууга түшүүгө даяр экенин сезесиз. Эркектердин дагы бир алсыз жери: алар дайыма өзүн бирөөгө керектүү сезгилери келгендиги. Мындай мүмкүнчүлүктү эч убакта колдон чыгарбай, ылайыктуу жерлерде колдонуудан качпаңыз. 
 
Түгөйүңүзгө күйүмдүү болуңуз
Эркектер мойнуна албаганы менен түгөйүнөн аз да болсо энелик мээримди күтөт. Сүйгөнүнө эркелеп, жылуулук издейт. Эркекти кармап калууга дал ушундай мамиле чоң жардам берээрин адистер далилдешкен. Башкача айтканда, сиз жубайлык милдеттен сырткары энелик кызматты да чогуу ала жүрсөңүз экөөңөрдүн мамилеңер чыңалып, сүйүүңөр алоолонот. 
 
Келбетиңизге кам көрө билиңиз
Өзүнүн сырткы келбетине жакшы кам көргөн келишимдүү бийкечти көргөндө кайсы эле эркектин көңүлү бурулбасын? Кокус сиздин жакын адамыңыз да ошондой айымдарга көңүл бөлгөнүн байкасаңыз аны жемелеп, урушту баштоодон мурда ”менин ал айымдан эмнем кем?” деген суроону өзүңүзгө берип көрүңүз. Балким сиз да көңүлдөнүп, сырткы келбетиңизге кам көрүп баштасаңыз түгөйүңүздүн көзүнө ошол айымдай эле сулуу көрүнө баштаарсыз. Дайыма түгөйүңүздүн көзүнө сулуу көрүнүп, тазалыкты сактап турсаңыз сизден эч алыстап кете албайт. 
 

Эркектерге кеңеш 
 
    Түгөйлөр бири-бирине болгон ишенимди, жылуу мамилени жоготпоосу анча чоң күчтүү талап кылбайт. Эң башкысы мырзалар төмөндөгү алтынга алмаштыргыс жөнөкөй жобону көңүлдөрүнө түйүп алышы керек. 
 
- Баардыгы ишенимден башталат. Өзгөчө бул сөз жубайларга тиешелүү. Ошондуктан урматтуу мырзалар, жөнү жок эч себепсиз аялыңызды кызгана бербеңиз. Эгерде өмүрлүк жарыңыз төркүнүндө болгонун айтса, калппы – чынбы деп териштирип, иликтөөнүн кажети жок. Жок ойношту аялыңызга чаптап, кемирип жеп көңүлүн муздатып, жүрөгүн оорутуп, кийин өкүнүп жүрбөңүз. 
 
- “Аялдын чачы узун, акылы кыска” деген сөздү карманып, өмүрлүк жарыңыздын сөзүн укпай койбоңуз. Үй -бүлөлүк маселени чечүүдө өмүрлүк жубайыңыз менен сүйлөшө билиңиз. Эч качан көңүлүн калтырбаңыз. 
 
- Аялыңызга дайыма сөз жана иш жүзүндө дагы жардам берүүгө аракеттениңиз. Ал жанында таянаар тоосу, жөлөнөөр аркасы бар экенин дайым сезип турсун. Белгилей кетчү нерсе, мында аялыңыздын кызыкчылыгы менен жашаган эркекке айлануудан сактаныңыз. Себеби, анын ою менен гана болсоңуз, аялыңыз сизден тажап кетиши мүмкүн. 
 
- Мырзалардын көпчүлүгү убактысын үй – бүлөнүн кашында эмес, достору менен өткөзөөрү, айлыгынын жарымын “темир” аялына жумшаары чындык. Ошондо аялыңыз күйөөлөрү менен чогуу конокко, эс алууга жөнөгөн курбуларына суктана баштайт да, сизге деген урмат-сыйы төмөндөйт. 
 
- Чарчап турсаңыз да аялыңыз каалап турган күйөөлүк милдетиңизди аткарууну унута көрбөгүңүз. 
 
- Капаста кармаган куштай кылбай, аялыңызга да эркиндик бериңиз. Мейли курбуларына, мейли дүкөнгө барсын, бирок “кайда бардың?” деген суроону чеги менен бергениңиз туура болот. Аша чаап кызгансаңыз аялыңыздын психологиясын бузуп алышыңыз мүмкүн. 
 
- Чачыңыз өсүп кетсе, мончого түшпөй калсаңыз аялыңызга күнөө койбоңуз.  Сиз кичинекей бала эмессиз. Ошондуктан ойлонуп иш кылып аялыңызды колдон келсе сыйлап алганыңыз оң. 
 
- Бири-бириңерге көңүл буруп тургула, ишинде  эмне  болуп  жатканын  сурап, керек  болсо  жардам  берип колдоп туруңуз. 
 
-  Жубайыңыз менен жөн жерден айтышпаңыз жана анын көзүнчө башкалар менен дагы тамашалашып, жакындашып анын кызгануусуна жол  бербеңиз. Бул терс таасирин тийгизээрин эсиңизден чыгарбаңыз. 
 
- Жумуштанбы же көчөдөнбү, айтор маанайыңыз жок келсеңиз, жиниңизди аялыңыздан чыгарбаңыз, тескерисинче аялыңызга болгон мамилени урушкан киши менен алмаштырбай жылуу сөз тартуулап койсоңуз аялыңыздын сизге болгон сыйы күндөн күнгө күч алып турат.

 
 
Кароолор (88)
 
 

 

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз

 



Top.Mail.Ru