Колдонуучу катары кирүү
 
 
 
Жарыялар
   

Биздин долбоорду колдоп, достор менен бөлүшүңүздөр

 

Адаттар генди өзгөртөт
11.30, 11-август 2019
Адаттар генди өзгөртөт

Ашыкча салмактан, терс адаттардан арылбай жашоо менен өзүбүздүн эле эмес, келечек муундарыбыздын да жашоосун бузабыз. Эмне үчүн, кантип? Муну эпигенетика илими түшүндүрүп берет. 
 
Мурда илимпоздор биздин жашоо образыбыз, жеген тамагыбыз, адаттарыбыз, мүнөзүбүз укум-тукумубузга таасирин бербейт деп ойлошчу эле. Бирок акыркы жылдары мындай эмес экени аныкталды. Эгиздердин жашоо образын, үй-бүлөлүк оорунун тарыхын кылдаттык менен изилдөөдө ата-энебиздин, ата-бабаларыбыздын жашоосунан балдарыбыздын, неберелерибиздин жашоосу көз каранды экендиги такталды. 
Эпигенетика деп аталган жаңы илим генетиканы жокко чыгарбайт. Ал генди изилдеген илим бойдон кала берет. А генетикалык информация клеткаларда кандай жүрөөрүн эпигенетика изилдейт. 
 
Генди лампочка сыяктуу өчүрүп, күйгүзүп коюуга болот 
 
Изилдөөлөр көрсөткөндөй ген лампочка сыяктуу эки абалда болот: күйүп турган, өчүп турган. Бул абал өзгөрүлмө эпигеном (организмдин ар түрдүү клеткаларында 30 миң гендин пайда болуусун жөнгө салган молекулярдык механизмдин жыйындысы) менен аныкталат. Мисалы, нерв клеткаларында, ашказан астындагы бездерде, булчуңдарда окшош гендер чогулат. Бирок биринчи ген нейромедиаторду синтездесе, экинчиси инсулинди, үчүнчүсү булчуң белокторун синтездейт. Бул эпигенетиканын жыйынтыгы болуп саналат: кээ бир гендер активдүү болуп калат, башкалары тескерисинче басылып калат. Бул эмбрионалдык өнүгүү процессинде эле болуп өтөт. Бирок эпигенетика чоң кишилерде деле өзгөрүп турат, анткени жашоо образыбыз, терс адаттарыбыз, тамактануубуз эпигеномго таасирин берет. 
Жыныс клеткаларындагы гендин эпигенетикалык маркерлери сакталып калат, ошондуктан балага активдүү гендер оңой эле өтөт. 
 
Тагдырды өзгөрткөн витамин 
 
Укум-тукум информациясы эпигенетикалык жол менен өтөөрүн биринчи жолу америкалык илимпоз Ренди Жиртл билдирген. Ал агути деп аталган жасалма ген жасап, аны кадимки чычкандын генине кошкон. Жыйынтыгында боз чычкан кочкул сары түскө айланып эле калбастан семирип, укум-тукумга өтүүчү оорулуу болуп калган. Бирок укум-тукум кодуна бир да тамганы өткөрбөй коюу менен агути генинин таасирин толугу менен жоготсо болот экен. Аны үчүн болочок чычкан энелерди фолий кислотасы (витамин В9), метионин аминокислотасы менен байытылган диетага отургузуу жетиштүү болгон. Бул эки зат метиль тобуна (СН3) , башкача айтканда эпигеном маркерине бай болуп, ДНКга кошулганда гендин активдүүлүгүн жөнгө салат. 
Метиль тобу чычкандын эле эмес адамдын да эпигенин жөнгө салып коё алат. Организм дайыма ага муктаж болуп турат, анткени клеткалар дайыма бөлүнүп турушат да. Фолий кислотасын да, метионин аминокислотасын да организм өзү иштеп чыгарбайт. Ошондуктан аны азык аркылуу (ал жашылчаларда, мөмө-жемиштерде көп) жана атайын витаминдер аркылуу алып туруу керек. Бирок витаминдерди көп колдонуунун кереги жок. Америкада “метиль тобунун донору” деген аталыштагы дарылар пайда болгондо көпчүлүк илимпоздор тынчсызданып башташкан эле. Анткени организмдин тең салмактуулугун сакташ үчүн кылдат мамиледе болуш керек. Илимпоздор кайсы ген активдүү болуп, кайсы ген пассивдүү болушу керектигин азырынча билишпейт, эң негизгиси качан, анан кайда. Ошондуктан организмге СН3 тобу менен толтуруп коюу тобокел иш. 

 
Даярдаган Назира МАНАС кызы

 
Кароолор (234)
 
 

 

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз

 



Top.Mail.Ru