Колдонуучу катары кирүү
 
 
 
Жарыялар
   

Биздин долбоорду колдоп, достор менен бөлүшүңүздөр

 

Сырдуу заманбап оорулар
11.34, 11-август 2019
Сырдуу заманбап оорулар

Заманбап медицинасы 
Заманбап медицинасынын жетишкендиктеринин жардамы менен азыр көп деген ооруларды жеңсе болот. Бир чети мыкты окумуштуулар дагы өздөрүн алардын алдында алсыз сезген оорулар да бар. Анда адамдарды куураткан ушул коркунучтуу оорулар тууралуу сөз кылалы.   
 
Тери оорулары 
Бул оору менен окумуштуулар жакында эле таанышышты. Анын белгилери кадимки фантастика тасмаларындагы бокочолордун элесин эстетет. Бул оору менен жабыркагандар денелеринде же терисинде бир нерселер же курт кумурскалар жүргөндөй сезишет, кыжаалат болушат, өтө катуу кыйналышат. Андан кийин ал жерлерде ачык жаракаттар пайда болот. 
 
Өнөкөт чарчоонун синдрому 
Көпчүлүк кадимки чарчаңкы абалды өнөкөт чарчоонун синдрому менен алмаштырып алышат. Бул синдром менен жабыркаган адамдар бир нече күн бою төшөктөн тура абай жатып калышат. Алар абдан чарчап иш кылганга эмес турганга да күчү жетпей калат. Өздөрүн абдан алсыз сезишет жан эч нерсеге көңүлдөрү келбейт. Денелик жактан да, акыл жактан да абдан алсыз болуп жабыркашат. 
 
Крейтцфельд-Якобдун оорусу (спастический псевдосклероз)
Бул оору болсо көбүнчө «уйдун жинденгени» деген ат менен белгилүү. Себеби, бул ооруну оорукчан жаныбардын этин жеп жуктуруп алышат жана көпчүлүк учурда уйдун этин жеп  жуктуруп алышкан. Аны уй менен байланыштырып койюшканы да ушундан. Ал эми окумуштуулар болсо ушул убакка чейин анын дарысын таба албай же эмне болгон оору экенин аныктай албай кыйналышат. 
 
Шизофрения 
Шизофрения —  бул психика бузулган абдан сырдуу оору. Бул оору менен жабыркаган адам чыныгы жашоо менен фантазиянын ортосунан чыга албай калат. Анын белгилери абдан эле көп: галлюцинацияга кабылат, тантырап сүйлөйт, сөздөрдү толук айта албай калат. Окумуштулар бул оорунун аныкташканы менен дагы деле аны эрте айыктыруунун жолун ойлоп табыша элек. 
 
Аутоиммундук бузулуу
Ага теринин кургак учук  жана деңиз ооруларын киргизсе болот. Бул оорулар абдан көп жана алардын баардыгы тажрыйбада индивудалдык мүнөзгө ээ. Ошондуктан алардын көпчүлүгүнүн келип чыгышы окумуштууларга дагы деле сыр боюнча калууда.     
 
Аллотрифагия
Бул ооруну дагы башкача бузулган табит деп аташат. Анткени ага кабылган адамдардын денелик же психикалык жактан тамак жегиси келип, организми өзгөчө тамактарды талап кыла баштайт. Түшүнбөй калдыңыздарбы? Ал мындайча: боор, көмүр, барак же топурак сыяктуу азыктарды жегиси келе баштайт. Кээ бир окумуштуулар аны организмде минералдардын жетишсиздиги менен байланыштырышат, бир чети аны дарылоо жолун дагы деле ойлоп табыша элек. 
 
Куш тумоосу
Бул дагы заманбап оорулардын катарына кирет. Адамдардын сасык тумоосунун вирусуна иммунитети жок, ошондуктан эпидемия учурунда баардыгы жөтөлүп, чүчкүрүп, денелери ысып, шалдырап кыйналышат. Бир чети чымчык тумоосу адамдын организмине өтө чоң олуттуу маселени жаратат. Себеби, бул ооруга кабылган көптөгөн адамдардын өмүрү трагедия менен аяктаган. Ошондуктан өмүргө кол салган бул коркунучтуу ооруга окумуштуулар вакцина ойлоп таба алышпай кыйналып келишет. 
 
Суук тийүү
Эч кандай күнөөсү жок, жеңил оорудай эле сезилет жана жыл сайын дүйнөлүк экономикага миллиарддаган доллар залакасын тийгизет. Жыл сайын анын айынан миллиондогон оорулуулар жумушка чыгышпайт. Ошого карабай окмуштуулар бул жагымсыз оорудан адамдарды  биротоло кутулткан таасирлүү вакцина ойлоп табыша элек 
 
Альцгеймердин оорусу 
Картайганда көпчүлүктүн эс тутуму начарлайт, бир чети  Альцгеймер оорусу менен жабыркагандардыкы өтө бат өтүп кетет.  Альцгеймер оорусунун келип чыгышынын себеби белгисиз жана ошондуктан таасирлүү айыктыруунун жолун окумуштуулар дагы деле ойлоп табыша элек 
 
СПИД
Анын биринчи жолку көрүнүшү 1982-жылы белгиленген. Бүгүн бул өтө коркунучтуу оору биздин планетанын баардык бурчтарына тийип өттү. Өзгөчө аны менен өнүккөн мамлекеттер жабыркап жатышат. Анын дарысы ойлоп табыла элек. Ал адамдарга катуу жаза сыяктуу эле коркунучтуу болуп калды.

 
Кароолор (248)
 
 

 

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз

 



Top.Mail.Ru