Колдонуучу катары кирүү
 
 
 
Жарыялар
   

Биздин долбоорду колдоп, достор менен бөлүшүңүздөр

 

Жердешибиз республикалык сынакта биринчиликти алды
16:35, 19-август 2019
Жердешибиз республикалык сынакта биринчиликти алды
Кара-Көл шаарынын 18 жаштагы тургуну Истамов Арген үч жашынан баштап сүрөт тартып баштаган. Бүгүнкү күндө эл аралык, республикалык сүрөт сынактарынын жеңүүчүсү. Жаш талант менен сайттын кабарчысы таанышты.
Истамов Арген 2002-жыл төрөлгөн. Учурда №3 М.Фрунзе атындагы жалпы билим берүү мектебинде 11- класста окуйт.
Апасы Гүлмира Истамованын айтымында, анын 3 жашынан ушул күнгө чейин тарткан 100 ашык сүрөттөрү бар.
"Балам 3 жашынан баштап сүрөт тартып баштады. Беш жашында сиңдиме таштап, Москва шаарына иштөөгө кеттим. Ал жактан сүрөт тартууга боекторун, мольберт, кистисин салып жүрдүм. Бешинчи класстан тартып кадимкидей сүрөттү жакшы тартып баштады.
Балама сүрөт тартуу өнөрү ата жана тайлары тараптан бирдей өттү десем болот. Чоң атасы Чуйков атындагы сүрөт академиясынын бүтүрүүчүсү. Тайкеси Анарбек Истамов жыгач уста. Жетинчи класстан тартып сүрөт тартууга баш отуу менен кирише баштады. Кичинесинде көргөн мультфилимдеги каармандардан хан, ханзада, ханышалардын азем (бал) кечесине  кийген көйнөктөрүн жакшы тартат.
Чоңойгон сайын сүрөттөрүнүн тематикасы, жанры өзгөрө баштады. Мисалы 9- класстан тартып табигатты, жаратылышты тартууга кызыга баштады." дейт Гүлмира Истамова.
Арген учурда Ч.Айтматов атындагы балдар чыгармачыл үйүнүн сүрөт жана фантазия ийримине катышат.
"Быйыл Билим Берүү жана Илим минитрлиги жана Евро биримдиги уюму тарабынан уюшулган "Путь к успеху" аттуу сынакка катыштым. Балдар чыгармачыл үйүнүн сүрөт ийримине катышканыма 6 ай эле болгон. Ошентип "Путь к успеху" деген темада сүрөттү тартып, таксисттерден берип жибердим. Бир айдан кийин сынактан 1- орунду алганым туралуу кабар келди. Бул мен үчүн күтүүсүз болду. Бишкекке барып министерствонун граматасын, 10 миң сомдук сертификат, китептер жана Россия Федерациясындагы сүрөтчүлөрдүн академиясына бюджеттик жолдомо алганым туралуу айтышты. Бирок эки жумадан кийин аталган академияга жашым жетпей, кабыл алынбай калганым туралуу билдирүү келди." дейт Арген.
Ал Россиянын сүрөт академиясына барып окууну кыялданат.
"Быйыл 11- класска окуйм. Ошондуктан быйыл дагы ошол сынакка катышып, жакшы ийгилигимди кайталаганга аракет кылам. Алар менин сүрөт өнөрүм менен жакындан  тааныш. Мындан ары көп эмгектенем. Келерки жылдагы сынактарга  катышып, өз эмгектеримди жөнөтүп турууну сунушташкан." дейт Арген.
 
Баласынын сүрөтчүлүктү хобби катары тутунуп, ал эми келечекте дизайнер болууну кыялданары туралуу Гүлмира айым  айтып берди."Сүрөтчүлүктү хобби катары калтырып, келечекте дизайнерлик кесиптин ээси болсом деп ойлойт. Балким сүрөтчү болуп калышы да толук ыктымал.
Үй-бүлөдө жалгыз уул. Андан чыгып чет тилин үйрөнүүгө менен алектенет.
Жакында Ысык-Көлдө 1- июлдан 7- июлга чейин "Ысык-Көл досторун чакырат" аттуу эл аралык этно-карнавалда 13-17 курактагылар арасындагы сүрөт сынагында баш байгени жеңип алды.
Баламдын ийгилиги менин сыймыгым. Ага канчалык көңүл буруп, шарт түзүп берүү менин энелик милдетим деп ойлойм. Ушундай аракеттин артынан ийгиликтер көп жаралат деп ишенем.
Ар бир боекторун, кисти, мольберттерин Кытайдан алдырып берип, колдоп жатам.
Сүрөттү ар дайым эле тарта бербейт. Өзүнө эргүү келгенде татып баштайт. Байкап, жолто болбой, өз оюна коюп коем. 
Арген бир мүнөз. Маанайы жок болсо тарткан сүрөттөрүнөн байкап калам. Кара түстөгү сүрөттөрдү тартып, үстөлдүн үстүнө тескери каратып коюп коет.
Сүрөттөрүн өзгөчөлөнтүп тиш тазалагыч (зубы чистка), жумуртканын сарысы менен да тартып жүрөт.
Пикассо, Леонардо да Винчи, Микел Анжелонун чыгармачылыгы, өмүр баянын кызыгып окуйт. Бир сүрөттү тартып баштаса, соңуна чыгарат. Булгабайт, айрыбайт, бир гана жолу тартат." дейт Гүлмира Истамова.
Аргендин айтымында сүрөтчүлүк өнөрүнүн өсүп, алгачкы ийгиликтеринин жаралуусуна тайкеси Анарбек Истамовдун салымы зор экенин айтып, ага ыраазычылык билдирди.
 
Кароолор (1032)
 
 

 

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз

 



Top.Mail.Ru