Колдонуучу катары кирүү
 
 
 
Жарыялар
   

Биздин долбоорду колдоп, достор менен бөлүшүңүздөр

 

Арыктатуучу каражаттар кандай таасир берет?
17:15, 20-август 2019
Арыктатуучу каражаттар кандай таасир берет?

Ашыкча салмак кошуунун себептери көп. Булар жыныстык жактан жетилүүдө жана кош бойлуу учурда гормоналдык жактан кайра калыптануу, тамакты көп жегендик, аз кыймылдагандык жана башкалар. Кыймыл-аракет, түрдүү диеталар дайыма эле таасир бере бербейт. Бул ыкмалар да өзүн толук көзөмөлгө алууну, олуттуу мамилени талап кылат.
 
Арыктатуучу чай жана кофе 
 
Бул каражаттар организмди ашыкча суюктуктан жана шилендилерден тазалоого арналган. Анын курамындагы микроцелюлоза ичегилерди тазалайт. Алтын шарик капсуласы да ушундай эле таасир берет. Тамак ичегилерге сиңбегендиктен мындай чай алсыратуучу таасирин берет. Ошондой эле организм суюктукту көп жоготкондуктан муну оң таасир берет деп айтууга болбойт. Бул каражаттарды колдонууда терс таасирлерине көңүл буруу керек. 
 
Калорияны жоготкон каражаттар 
 
Бул категориядагы эң таасирдүү каражаттардын бири - ультра эффект. Бул каражаттын курамындагы атайын заттар тамак-аштын майын организмден чыгарып салат. Ушундайча адам аз калория алып, салмак кошпойт. Андан сырткары бул каражат зат алмашууну тездетип, май катмарларын арылтып, ачкалык сезимин жоготот. Организм тамактануунун жаңы тартибине көнүп, ачкалык сезимин басуу үчүн аз гана тамак талап кылынат. Бул “бумеранг таасиринин” пайда болуусуна тоскоол болот. Башкача айтканда каражатты колдонууну токтоткондо кайрадан салмак кошулбайт. 
 
Табитти жоготкон каражаттар 
 
Бул топко көптөгөн каражаттар кирет. Алардын негизги таасири майлардын бөлүнүүсүн тездеткенинде жана ачкалык сезимин жоготконунда. Мисалга алсак, курамында спирулин, лимон, ашкабак жана башка өсүмдүктөр бар алтын шарик таблеткасы зат алмашууну нормалдаштырып, тамакка болгон табитти басаңдатат. Алтын шарик капсулалары май топтолгон жерлерге – адамдын ичине, сандарына, жамбашына таасир этет. Кан айланууну жөнгө салып, уулуу заттарды организмден чыгарат. Алтын шариктин курамында азыктандыруучу заттар, витаминдер да болгондуктан организмдин коргонуу күчүн жогорулатат. 
 
Белоктуу кошумча каражаттар 
 

Бул каражаттар салмакты кармап туруу үчүн кошумча каражат катары колдонулат. Көбүнчө булар тамактын ордуна колдонулат. Курамында белоктун, витаминдердин, углеводдордун, минералдардын өлчөмү көп болот. Бул булчуңдун көлөмүнө, организмдин жалпы энергиясына жакшы таасирин берет. Тамакка болгон табити жогору эмес адамдарга туура келет. 
 
Эгер мындай каражаттарды колдонууну чечсеңиз, булар косметикалык эмес, дарылоочу каражат экенин эске алыңыз. Ошондуктан анын курамына, ким чыгарганына өзгөчө көңүл буруңуз. Ошондой эле дарылануу курсун өтүп жаткан болсоңуз, врачтын кеңешин сөзсүз алыңыз. 
 
Даярдаган Назира Тилекова

 
Кароолор (173)
 
 

 

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз

 



Top.Mail.Ru