Колдонуучу катары кирүү
 
 
 
Жарыялар
   

Биздин долбоорду колдоп, достор менен бөлүшүңүздөр

 

Жашоонун ыргагы, же хронобиология эмне дейт?
14:22, 26-август 2019
Жашоонун ыргагы, же хронобиология эмне дейт?

Жашоо кызыктуу 
Адамдын жашоо ыргагы будильникке окшош жана сааттай циклдуу деп окумуштуулар тастыкташат. Ал эми цикл табияттын көптөгөн кубулуштарынын арасынан  Айдын фазасынан көз каранды. Хроналдуу  биология адамдын баардык органы, денеси, мээси, жан дүйнөсү  баардыгы туулгандан баштап өлгөнгө чейин үч жолку циклге баш ийет деп белгиледи. 
Күнүнө денелик күч үч жолу күчөйт жана тартылат. Үч жолу чарчайт. Сенин маанайың  каалайсыңбы, каалабайсыңбы үч деген эсепке баш ийет.. 
 
Хронобиология Батышта 
Батышта бүгүн Хронобиология адамдардын профессионалдуу иштерине, эс алуусуна, жумушуна, турмуш тиричилигине – жашоодогу болуп жаткан баардык  көрүнүштөргө байланыштуу тажрыйбалуу сунуштардын үстүндө  иштешет. 
 
Мектеп балдарына кеңеш 
Мектепте окуучулары сабактарын  кечки саат төрт жана төрт жарымдан  баштап алтыга чейин даядоону хронобология сунуштайт. 
 
Баардыгына кеңеш  
Баардык маанилүү иштерди эртең менен саат 10дон баштап 12ге чейин жасап, чечип алуу да ыңгайлуу экени айтылат. Бул убак – адамдагы будильник толугу менен иштеп, денелик мүмкүнчүлүктөрдү  жумуштун жакшы жактарына жумшап ала турган эң сонун мүмкүнчүлүк.   
 
Элдин эсине 
Эсиңиздерге тутуп алыңыздар, азыр эмне кылып, эмнени кийинкиге калтырышты ар бирибиздин ичибиздеги туура багыт көрсөтчү саатка карап аныктаганыбыз жакшы.   
 
Устачылык убагы 
Колу менен керемет жараткан таланттуу өнөрпоздор, чеберлер, усталар  бул талантын саат – 15 менен 16нын ортосунда пайдаланса болот. 
 
Дарыгердин кабылдоосу 
Адамдын териси медициналык уколдорду эртең мененки саат тогузда эң жакшы кабыл алат.   
 
Спортчулар үчүн саат 
Биздин булчуңдар саат 13 саат 30 мүнөттө ишке жөндөмдүү болот. Дал ушул убакта машыгууну баштап, оор жумуштарды жасап алганга эң жакшы шарт түзүлөт. 
 
Сүйүү маалы
Эртең мененки саат сегизде гормондор мыкты ойноп, түйгөлөр махабатка малына турган эң ыңгайлуу учур. 
 
Түшкү тамактануу маалы 
Ашказандын кислотасы адам эч нерсе жебеген учурда да саат 13дө жакшы иштейт. Ошондуктан, 12ден 13ге чейин же 13ден 14кө чейин түшкү тамак маалы деп эсептелет.   
 
Ичүү маалы 
Каалооңуз күчөп, өзгөчө суусундук ичкиңиз келип турат... Боор спирт ичимдиктерин саат 18ден 20лар убагында жакшы кабыл алат. 
 
Сезимталдуулук 
Адамды жактыруу, толугу менен аныктоо (кийимге балага же кызга болгон табити), белгилерди кабыл алуусу, жыт билүү сезими саат 17 менен 19да эң жакшы билинет. . 
 
Мыкты иммунитет
Адамдын организми жөнөкөй инфекциялардан баштап ар кандай коркунучтуу инфекцияларга чейин саат  22де эң жакшы күрөшөт. Себеби, бул учурда иммунитет эң күчтүү абалда болот. 
 
Кайсы учурда жалгыз калганга болбой
Жалгыздыкты ар ким ар кандай түшүнөт. Ошондуктан кайсы учурда жалгыз калбоону билип алуу ден соолукка абдан пайдалуу. Мисалы, өзүн жалгыз сезип жүргөн адам ар кандай жагымсыз учурлардан, сезимдерден алыс болуп, агрессияга кабылбашы үчүн бул убакта да курбусу же досу же жакындары, ата-энеси менен сырдашып же сүйлөшүп, тамактанып же киного, театрга барып көңүлдүү убакыт өткөрүп келсе болот. Адамдар жалгыздыкты саат 20дан баштап 22ге чейин сезишет. 
 
Косметологдорго кеңеш 
Адамдын териси косметикалык каражаттарды саат 18ден баштап 20га чейин жакшы кабыл алат.   
 
Сокур  сааттар 
Баарынан жаманы айдоочулар түнкү саат 2де жаман көрө башташат. Ошондуктан түнкүсүн жолдо жүрүү сунушталбайт. Саат 2ден баштап 4кө чейин адамдагы саат токтоп калат. 
 
Түнкү тамактануу 
Жумуштун тартибине жараша көпчүлүгүбүз түнкүсүн жумушка чыгууга туура келет. Ал эми түндө тамактануу сунушталбайт. Ошентсе да түнкүсүн иштегендер тамактанууга мажбур болушат. Адамдын ишке болгон жөндөмдүүлүгү таңкы саат үчтөн баштап 4тө начарлайт. Ушул учурда тамактанып алса болот. 
 
Алсыздыктын сааты 
Адамдын кан басымы таңкы саат 4ттөн баштан 5тин ортосунда начарлайт.

 
Кароолор (248)
 
 

 

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз

 



Top.Mail.Ru