Колдонуучу катары кирүү
 
 
 
Жарыялар
   

Биздин долбоорду колдоп, достор менен бөлүшүңүздөр

 

Кайдасың, кайрымдуулук?
08:36, 5-сентябрь 2019
Кайдасың, кайрымдуулук?

“Мүрөк-К” коомдук бирикмеси 2017-жылдан бери ишмердүүлүгүн жасап келет. Ушул аралыкта Кара-Көл шаарында жана Токтогул районунун айрым аймактарында көптөгөн кайрымдуулук иштерин жасады. Бүгүн биз камкордукка алынып келген үй-бүлөлөр менен маектештик.

Чынаркан, 50 жашта, 1 кыздын энеси.

- Саламатсызбы, Чынаркан эжеке. “Мүрөк-К” коомдук бирикмесинен жардам алып баштаганыңызга канча убакыт өттү? Кандай жардамдар болуп жатат?

- Жардам алганыбызга бир жыл болуп калды. Көбүнчө тамак-аш, эт жана кийим-кече берип турушат. “Мүрөк-К” коомдук бирикмеси менин үй-бүлөмө жакшы таасирин берди. Кыйла жардам берип жатышат.

- Бир айда канча жолу жардам аласыздар?

-Азыр анча бербей калды, 2-3 айда бир берип калышты. Себеби, алар жумуш менен камсыз кылууга өтүп жатышыптыр.

- Жумуш менен камсыз кылуусун өтүнүп көрдүнүзбү?

- Жок, менин кызым мүмкүнчүлүгү чектелгендиктен  жумушка чыга албайм. Иштеш мен үчүн өтө оор, убакыт жок.

- “Мүрөк-К” коомдук бирикмесинен башка да жардам аласыздарбы?

- Жок, башка жардам жок.

- Жардам сурап мамлекеттик органдарга кайрылып көрдүңүз беле?

-Жок,кайрылуу деле болгон эмес. Майыптарга болгон коляска сурап кайрылганбыз. Мамлекет тарабынан ошол болгон жардам.

- Маек куруп бергениңизге чоң ыраазычылык билдиребиз, сак саламатта болунуз!

Нуржан, 33 жашта, 3 баланын энеси.

- Cаламатсызбы? Сиз, “Мүрөк-К” коомдук бирикмесинен кандай жардам аласыз, кандай жардам берилип жатат?

-Саламатчылык. Бизге тамак-аш жана кийим-кечеден жакшы эле жардам берилип турат.

- Жумуш менен камсыз кылыштыбы?

- Ооба, “сладкая вата” чыгарган аппарат сатып беришкен. Азыркы учурда ошол менен иштеп жатабыз. Аз да болсо акча таап, балдарымдын тамак-ашына, кийим-кечесине жетип  жатат.

- “Мүрөк-К” коомдук бирикмесинен башка мамлекеттен жардам берилеби?

-Ооба, жөлөк пул алам. Жөлөк пул бир балага 900 сом.

-Маек куруп бергениңизге ыракмат.

Бегимай, 31 жашта, 5 баланын энеси.

- Саламатсызбы, “Мүрөк-К” коомдук бирикмеси сиздин үй-бүлөңүзгө канча убакыттан бери жардам берип келет? Кандай жардамдар болуп жатат сиздерге?

- “Мүрөктөн” жардам алганыма бир жыл болду. Азык-түлүктөн камсыз кылып турушат. Менин жолдошум өтүп кеткенден кийин 2 айдан кийин көз жаргам, боюмда барда жолдошум каза болгон. Үстүмдө үйүм жок, 5 балам менен калдым. Балдарым өтө жаш болгондоруна байланыштуу иштей да албайм. Алар 2 жаш, 4 жаш, 6 жаш, 8 жаш жана 10 жашар. Иштеш үчүн балдарымды үйгө калтыра албайм, кимге кайрылуумду да билбей калгам.

- Жумуш менен камсыз кылуусун сурап кайрылып көрдүңүзбү?

- Ооба, жанымда коңшу эже тигүүчү машинасын сатып жаткандыктан үйдө кийим-кече тигүүгө заказ алып балдарымдын жанында иштеп акча табайын деп “Мүрөк-К” коомдук бирикмесинин жетекчиси Чилетиров Мелиске кайрылгам. Кудайга шүгүр, азыр иштерим жакшы, акча таап жатам. Алган машинам өз акчасын бир жарым айда таап койду.

- Алдыда кандай пландарыныз бар?

- Мелиске кайрылып убактылуу дагы акча сураганмын. Кээде күнү-түнү иштеп калсам коңшуларым нааразы боло башташты. Өзүнчө үйдүн жанынан ижарага павильон алып ошол жерди чакан ишкана кылып ачып алсам дегем. Мен балдарымды жайгаштырып, уктап калганда жумушума олтура калам.

- “Мүрөк-К” коомдук бирикмесине кандай кайрылуунуз бар?

- Ушул коомдук бирикмеге чооң ыракмат. Себеби мамлекет бербеген жардамды ушул “Мүрөктөн” көрүп жатабыз. Бул гана нерселер менен чектелбестен балдарыма да көп жардам берип атат. Ким жакшы окуса ар бир чейректе акчалай стипендия кылып беребиз дегенинен чоң кызым менен уулум аракет жасап, кызым жалаң беш деген баага окуп сүйүндүрдү. Бул жайда жакшы окуган, бирок ата энесинин мүмкүнчүлүгү жок балдарга “Кайыңды” лагерине жолдомо алып беришти. Азыркы учурда кызым лагерде эс алууда. Ушинтип балдарыбызга кам көрүп жатышат. “Мүрөккө” чооң ыракматымды гана айта алам.

- Бизге маек куруп бергениңизге терең ыраазычылык билдиребиз. Сак саламатта болуңуз!

 

Маектешкен Саламова Анара

 
Кароолор (607)
 
 

 

Комментарийлер

Айзада Ж
06.09.2019 08:48

Азаматсыңар, кыргыз элине кызмат кылгандар.

Мумин ***
06.09.2019 16:56

Ишиңерге ийгилик!

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз

 



Top.Mail.Ru