Колдонуучу катары кирүү
 
 
 
Жарыялар
   

Биздин долбоорду колдоп, достор менен бөлүшүңүздөр

 

Интернеттен бакыт тапкандар
17:53, 12-сентябрь 2019
Интернеттен бакыт тапкандар

Интернет кээ бирлерди уруштуруп, уяткарса, башкалар үчүн түгөй таап, бакыт тартуулоодо. Ушул интернеттен бакыт таап, болочок жары менен  таанышкан Тынара Жээнбаева Кара-Көл порталына өз окуясын айтып берди.

"Жолдошум экөөбүз интернет аркылуу, www.nikah.kg сайтынан тааныштык. Алгач сайтка катталып, аккаунтумду ачтым. Анан жолдошум мага таанышуу сунушун жөнөткөн экен.

Негизи бул сайт шарияттын талаптарына ылайык болгондуктан менин жана жолдошумдун суроо-талаптарына туура келди деп айтар элем.

 Ошентип жолдошум таанышууга чакырды. Алгачкы жолугушуубуз ыйык рамазан айына туура келип, жакындан таанышып, көңүлүбүз табышып калгандыктан ушул улуу айда баш кошууну туура көрдүк.

Жаңы келиндик доордун  биринчи күнүндө кайненем батасын берип, ак жоолугун салып тосуп алды. Ошол күнү орозомду "зам-зам" суусу менен кантип ачсам экен деп, жолдошума уялганымдан суу сурай албай жатканымды айттым. Ал суу алып келип "Иче кой" деп бергени жүрөгүмдү жылытып, эсимде калды.

Мунун баары жараткандын буйругу менен болду. Учурда жакшы, бактылуу жашап жатабыз. Жолдошум лицейде физика сабагынан мугалим болуп иштейт. Мен азырынча үй кожейкесимин. Эң негизгиси биз бактылуубуз" деди Тынара айым.

 
Кароолор (2446)
 
 

 

Комментарийлер

Мумин ***
13.09.2019 11:04

Бактылуу болгула.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз

 



Top.Mail.Ru