Колдонуучу катары кирүү
 
 
 
Жарыялар
   

Биздин долбоорду колдоп, достор менен бөлүшүңүздөр

 

Кыргызстандагы эң жаш экономика илимдеринин кандидаты
10:28, 16-сентябрь 2019
Кыргызстандагы эң жаш экономика илимдеринин кандидаты
Кара-Көл шаарында төрөлүп-өскөн, 32 жаштагы өлкөбүздөгү эң жаш экономика илимдеринин кандидаты, Эл аралык "Сommunity Leaders" программасынын Кыргызстандагы өкүлү, Эл аралык Кувейт университетинин доценти, 5 тилде эркин сүйлөгөн Нурлан Токобаев менен кабарчыбыз маектешти.
 
Ал 2005-жылы Кара-Көл шаарындагы №2 Ч.Түлөбердиев атындагы орто мектепти бүтүргөн. Ошол эле жылы Бишкектеги Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш транспорт жана архитектура университетинин экономика бөлүмүнө тапшырып, ал жакты 2010-жылы ийгиликтүү аяктаган. Студент кезиндеги окуудагы өзгөчө ийгиликтери, студенттик илимий жана коомдук иштердеги жетишкендиктери үчүн президенттин «ҮМҮТ» стипендиясына ээ болгон. 
Учурда бир кыз, эки уулдун атасы. Келинчеги Н.Айтбаева университетинде мугалим болуп эмгектенет.
 
- Нурлан мырза билимдүү болуу ийне менен кудук казгандай деп айтышат. Экономика илимдеринин кандидаты болууга, илимдин аркасынан түшүүгө эмне түрткү болду? 
 
- Университетти ийгиликтүү аяктасам да, алган билимиме канааттанбай, андан ары да өркүндөтүп, чет өлкөдөн билим алууну самадым. Максат коюп, анын арты менен чет тилин үйрөнүп, илимий конференцияларга катышып даярдык көрө баштадым. Ошентип жүргөн күндөрүмдүн биринде илимий конференциядан профессор, Жаркынай Мусаеванын окуган докладын угуп, кызыгып калдым. Көрсө ал Кыргызстандын агрардык экономикасын терең билген, номер биринчи адис экен. МГУну бүтүрүп, батыштан билим алып келиптир. Кыргызстан өткөөл мезгилде пландык экономикадан базар экономикасына өтүп жатканда, чоң көйгөйлөрдүн үстүндө болгон, өтө тажырыйбасы бай адис экенин билдим. Ошол учурда Жаркынай Мусаева Эл аралык Ататүрк-Алатоо университетинде аспирантура бөлүмүн жетектеп иштечү.  Ошентип, Жаркынай эжени өзүмдүн диссертацияма жетекчи кылуу максатында 2012-жылы Эл аралык Ататүрк-Алатоо университетинин экономика бөлүмүнө аспирантурага тапшырып, 28 жашымда 2015-жылы диссертацияны жактадым.    
 
- Диссертация жактоо оңойго турбаса керек?
 
- Албетте, диссертацияны жактоо оңойго турган жок. Көптөгөн эмгекти, энергияны, убакытты, акчаны талап кылды. Илим жолуна кадам таштаган ар бир адам биринчиден өзү кызыгып, алдына чоң максат коюп, анын мүдөөсүнө толук чыгууга аракет кылуусу керек. Тандап жазган темасы да кызыктуу, жетекчи дагы өтө билимдүү, мотиватор болуусу зарыл. 
Себеби, мен университетти бүткөн учурда үйлөнүп алгам. Бир кызым бар болчу. Өтө көп кыйынчылыктар болду. Ал убакта мугалим болуп университете иштейм. Алган айлыгым тамак-ашка, батирге же жолкиреме жетпейт. Улам батирден батирге көчүп жүрүп,  диссертациямы жаздым. Ошол кыйынчылыктарда мени колдоп, кызыгуумду арттырып, түрткү берип, шыктандырып турган менин профессорум болду. Ошондой эле, жанымда ар дайым жөлөк болгон келинчегиме да ыракмат айтып кетпесем болбойт. Бирок, жактап бүткөндөн кийин булл артта калган кыйынчылыктарым эч нерсеге татыбады. Жактаган эмгегимен ырахат алдым,  бир топ ийгиликтер да жаралды. Мен жактаган тема Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугуна байланыштуу эле. Ошол учурда жетекчим Жаркынай Асановна менен (методика, оценка обеспечение продовольственной безопастности для развивающий стран с переходный экономики) өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн коопсуздугун баалоо методикасын иштеп чыктык (разработка). Ошол кезде Бүткүл дүйнөлүк банк жана М.В. Ломоносов атындагы МГУ менен биргеликте КМШ өлкөлөрүнүн арасында жаш окумуштууларга сынак жарыялады. Анан биз жогоруда иштеп чыккан методикабызды сунуштап, сынакка катышып, жеңип алдык. Андан кийин МГУнун агрардык экономика кафедрасынын прфессордук курамы менен  бирге биз өзүбүз иштеп чыккан методиканы тааныштырып, КМШ өлкөлөрүнун азык-түлүк коопсуздугун баалап, иш жүзүнө ашырдык. Анын негизинде МГУ университети бизге акт внедрение жазыпберди. Анткени, биздин методика ошол жакта иштелип, изилденип, мамлекеттер үчүн баалар берилген эле.
 
- Адис катары Кыргызстандын агрардык экономикасынын бүгүнкү күндөгү абалы тууралу айтып берсеңиз.
 
- "Кыргызстан агрардык өлкө болуп саналат. Себеби, айыл чарба өлкөнүн негизги тармактарынын бири. Бирок, айыл чарба мамлекетибиздин эң негизги сектору болгону менен, чечилбей келген бир топ маселелер бар. Алсак, өнүккөн АКШ, Канада, Англия, Япония жана Түштүк Кореяда калктын 2-5% гана айыл чарбада эмгектенишсе, Орто Азия мамлекеттеринде булл көрсөткүч 20-52% түзөт. Тагыраак айтканда, Тажикистанда - 52%, Өзбекстанда - 22%, ал эми Кыргызстанда - 27%. Албетте, Орто Азия өлкөлөрүндөгү мындай жогорку көрсөткүчтөр айыл чарба тармагы алсыз жана өлкөнүн жакыр экенин айгинелейт. Себеби, жаңы «экономикалык өнүгүү» концепциясынын жактоочулары «өлкөнүн айыл чарба тармагында эмгектенген калктын көлөмү 40 – 70% түзсө, анда ал жакыр өлкө» - деп эсептешет.     
Ал эми, өлкөбүз мындан жыйырма сегиз жыл мурун эгемендүүлүккө жетти. Албетте, булл биз үчүн чоң жетишкендик жана ийгилик. Ырас, жыйырма сегиз жылдын ичинде экономикалык жана саясий жактан бир топ өзгөрүүлөр болуп, улам жаңы стратегия, жаңы программалар алмашып, Кыргызстандагы айыл чарба тармагы кыйла кыйынчылыктарды баштан кечирди жана да кечирип келүүдө. 
Көп жылдардан бери бирдиктүү жана эффетивдүү иштеп келе жаткан «колхоз, совхоз» аттуу ири ишканаларды ыдыратып, майдалап, билимсиз элге жана тажрыйбасыз жеке ишкерлерге мамлекеттик жертилкелерди жана мал-жандыктарды акча тараткандай адилетсиз таратып, мамлекетибиздин экономикасынын солгундоосуна чоң жол ачты. Ошондон улам айыл чарба чөйрөсүндөгү жеке сектор мамлекет тараптан колдоосуз өзү менен өзү калды. Өндүрүштү, кайра иштетүүнү, сатууну жана экономикалык кызматтарды да жеке баарын өзү аткарып, чыныгы билимдин жана заманбап технологиялардын жетишсиздигинен улам, эффективдүүлүгүн жоготуп, бүгүнкү күнгө чейин айыл чарба сектору атаандаштыкка туруштук бере албай келет. Кыргызстанда майда өндүрүш (мелкотоварность) деген көйгөй жаралды. Бүгүнкү күндө мамлекетибизде жергиликтүү айыл чарба ишканалардын атаандаштыкка туруштук бере ала турган даяр өндүрүм тамак-аш продукциялары жокко эсе. Ошондой эле, айыл чарба ири ишканаларыбыздын жетишсиздиги жана мамлекетибиздеги бир канча айыл чарба кооперативтери эффективдүү иштей албай, 28 жылдан бери фермерлердин башын бириктирүү менен убара жана максатсыз болгондуктан, мамлекетибиздин азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу деңгээли жылдан-жылга төмөндөп жатканы баарыбызды тынчсыздандырууда. Бул албетте элибиздин да, мамлекетибиздин да жүрөгүн өйүй турган көйгөй.       
 
- Эмне себептен Кыргызстанда кооператив, ассоциациялар рынок экономикасында эффективдүү иштей албай жатышат?
 
- Биздин оюубуз боюнча, мамлекетибизде кооперация, ассоциациялардын рынок экономикасында эффективдүү иштей албай жаткандыгынын себептери: билимдүү жаш кадрлардын жетишсиздиги, кыргыз элинин бири-бирине болгон баш ийбестик жана сыйлабастык менталитеттери, жеке ишкерлердин бирин-бири көрө албастыгы жана  башка ушул сыяктуу нерселер тоскоолдук жаратып келет. 
 Ошондой эле, өтө белгилеп кетчү эң негизги себептердин бири – кандайдыр бир адам фермерлердин башын бириктирүү максатында кооператив, же ассоциация түзүп, фермерлерди биригүүгө, кеңейтүүгө чакырса, фермерлер: «Бул адам бизди бириктирип, бизди башкарганы турат» - деген, Советтер Союзундагы калыптанып калган стереотиптер фермерлердин биригүүcүнө тоскоол болууда. Анын үстүнө, мамлекетибиз өз тизгинин өз колуна алып, эгемендүүлүктү алгандан тарта, элита саясатчыларыбыз улам жаңы программа, стратегиялар менен суугарып, кайра-кайра алдап жатып, эл эч кимге ишенбей калды. Ал эми, чет өлкөлөрдүн тажрыйбаларына кайрылсак, аларда кооперативдер башкаруу эмес, тескерисинче фермерлерге кызмат көрсөтүү стереотиптери калыптанган.
 
- Нурлан мырза, мындан сырткары кыргыздын балын араб өлкөлөрүнө экспорттоп келесиз. Бул туралуу айтып берсеңиз?
 
- Туура айтасыз. Биз кыргыз балын араб өлкөлөрүнө экспортко чыгарып келебиз. Себеби, Кыргызстандын балы дүйнө жүзү боюнча 1-орунду бир канча жылдан бери бербей, өзүнүн уникалдуулугун тастыктап келет. Ошондой эле, акыркы жылдары кыргыз балын дүйнө жүзү Кыргызстандын бренди катары таанып баштады. 
Ушул жылы апрелде Катар мамлекетинде болуп өткөн дүйнөлүк "AGRITEQ-2019" жарманкеге кыргыздын сапаттуу ак жана жашыл балын чыгарып келдик. Жарманкеде биздин уникалдуу жашыл түстөгү балыбыз араб дүйнөсүн таң калтырып, кыргыз балын араб өлкөлөрүнө экспорттоого чоң мүмкүнчүлүктөр ачылды.
 
- Сиз билимиңизди жогорулатып, тажрыйба алмашып, иш сапарыңыз менен чет өлкөлөргө көп чыгат экенсиз, чет жерде билим алган кыргыз жаштарына көз карашыңыз кандай?
 
- Чет өлкөлөргө конференция, иш-сапарлар менен чыгып калганда көптөгөн  кыргыздын таланттуу, билимдүү жаштарына жолугуп калам. Өкүнүчтүүсү, алардын көпчүлүгү Кыргызстанга келгиси жок. Себеби, чет өлкөдө билим алган таланттуу, билимдүү жаштарды кызыктырган мамлекет тараптан аларга колдоо көрсөткөн туура саясат жокко эсе. 
Ошондой эле, акчалары көп Кыргызстандагы чоңдордун балдары да билим алышат. Мисал катары айтсам, Малайзияда магистратурада окуп жүргөн экономист кыргыз балдарга жолугуп калдым. Анан, сүйүнүп, алар менен Кыргызстандагы болуп жаткан экономикалык абалды, маселелерди талкуулап, пикир алмашкым келди. Бирок, алардын Кыргызстандын экономикасына болгон баалоосу, ой жүгүртүүсү мени таң калтырды. Айтайын дегеним, англис тилин билгени эле болбосо, билим деңгээли өтө төмөн, максаты жок, өлкөбүздөгү болуп жаткан көйгөйлөргө кайдыгер. Сыртынан акчалары көп, чоңдун балдары экени көрүнүп турат.  
Өкүнүчтүүсү, ошолордун көпчүлүгү кайра Кыргызстанга келип, чоң кызматтарда иштеген ата-энелери аркылуу чет өлкөдө билим алып келди деген ат менен жоопкерчиликтүү,  мамлекетибиздин тагдыры чечилчү кызматтарды ээлеп отурушат. 
Ал эми, карапайым, тааныш-билиши жок, талантуу, өтө билимдүү, өзүнүн кесибин мыкты билген, таза, мамлекетке кызмат кылам деген жаштарыбыз көмүскөдө калып, айласы жоктон Кыргызстанда өзүнүн оордун таба албай, чет жакка кетип, же болбосо дүйнөлүк деңгээлдеги чоң-чоң корпорациялар өздөрүнө тартып, алардын идеяларын, таланттарын жана билимдерин колдонуп жатышат. 
Ошондуктан, өлкөбүздө кадрдык кризис күч алды дегенден алысмын. Анткени, бизде ар тармактан күчтүү кадрлар жок эмес! Мындай кадрлар өтө көп деп айтар элем. Дегеним, өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн, мамлекет тараптан туура кадр тандоодо жана бөлүштүрүүдө туура саясат жүргүзүлүүсү шарт.
 
Кабарчы Айпери Аниварова
 
Кароолор (619)
 
 

 

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз

 



Top.Mail.Ru