Колдонуучу катары кирүү
 
 
 
Жарыялар
   

Биздин долбоорду колдоп, достор менен бөлүшүңүздөр

 

Урматтуу Кара-Көл шаарынын тургундары!
19:37, 1-октябрь 2019
Урматтуу Кара-Көл шаарынын тургундары!

Жакында 30-сентябрь күнү белгисиз аялдын эч бир негизсиз жана жүйөсүз Кара-Көл шаары тууралуу социалдык тармактарга берген маалыматы чыгып кеткен. Бул маалымат боюнча Кара-Көл шаарынын мэриясынын адиси жана маалымат катчысы А.Б.Сейитбекова расмий билдирүү менен төмөнкүдөй жооп берет:

"Белгисиз аял берген маалыматта Кара-Көл шаарында алтын казылып жатат деген билдирүү таркатылган. Бул карандай жалган жана эч бир негизсиз, жүйөсүз таркатылган маалымат. Кара-Көл шаар аймагынын эч жеринде жана эч качан алтын казуу иштери жүргүзүлгөн эмес жана алтын казуу иштерин жүргүзүү тууралуу эч бир мыйзамдуу далилдер же документтик маалыматтар да болгон эмес.

Ал эми Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу жерлер тууралуу Токтогул районунан тактап маалымат алсаңыздар болот. Ар бир шаар, район өз аймагындагы иштер боюнча гана жооп берүүгө милдетүү.

Кара-Көл шаарынын мэриясы мыйзамсыз иштерге эч качан жол бербейт жана элдин келечеги, ден соолугу башка бардык кызыкчылыктардан жогору турарын билдирет.

Белгисиз аял тарабынан социалдык тармактар аркылуу жарыяланган чындыкка дал келбеген чакырыктарга эч качан ишенбеңиздер жана берилбеңиздер.

Мындай мыйзамсыз, коомчулукта ызы-чуу жарата турган жалган маалыматтарды таркаткан ар бир атуул сөзсүз мыйзам чегинде каралган жоопкерчиликке тартылат."

 
Кароолор (1231)
 
 

 

Комментарийлер

Гуля
03.10.2019 16:38

Шаарда ит-мышык көбөйүп кетти. Аларди мэрия неге жок кылбайт?

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз

 



Top.Mail.Ru