Колдонуучу катары кирүү
 
 
 
Жарыялар
   

Биздин долбоорду колдоп, достор менен бөлүшүңүздөр

 

Кара-Көл шаарында борбордук мечиттин ачылышы өттү
20:47, 6-октябрь 2019
Кара-Көл шаарында борбордук мечиттин ачылышы өттү

5-октябрь күнү Кара-Көл шаарында жаңы курулган борбордук мечитин ачылышы болуп өттү. Ачылышка шаардын имамы Керезбаев Бектен ажы, мэр И.М.Еркеев, муфтияттын өкүлдөрү Акимжан Эргешов, Садыбакас Доолов, областтык казыяттын өкүлү Бактыбек ажы, демөөрчүлөр жана жергиликтүү тургундар катышышты.

Ачылышты шаардын имамы жасап, мечит жөнүндө кенен маалымат берди. Шаардын мэри И.М.Еркеев өз сөзүндө жаңы мечиттин курулушу шаардагы эң чоң ийгиликтердин бири экенин билдирди. Негизги демөөрчүлөрдүн бири Сауд Аравиясынан келген Али Ассугайыр бул мечитти ата-энесине арнап курганын айтып, мечитке ибадат кылгандарды анын ата-энесине дуба кылып турушун суранып кетти. Негизги демөөрчүлөрдүн бири дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын генералдык директору Мухаммед Мадий бул мечиттин курулушу жүрүп жатканда өзүнөн башка демөөрчүлөр жок экен деп билгенин, башка да негизги демөөрчүлөр бар экенин азыр ушул жерден билип жатканын белгилеп кетти.

Иш-чарадан соң жамаат менен бешим намазы окулду.

Буга чейин ачылышка Чубак ажы жана Абдишүкүр ажы Нарматов келерин кабарлаган элек. Тилекке каршы Чубак ажы ден-соолугуна байланыштуу, ал эми Абдишүкүр ажы Нарматов жумуштарына байланыштуу келбей калышканы белгилүү болду.

Мурдагы мечит 275 орундуу болуп, жума намазында көпчүлүк сыртта калышчу. Жаңы курулган мечит 1500 орундуу болуп, 2 кабаттан жана подвалдан турат. Мындан сырткары келечекте медресе боло турган жайы бар. Мечиттин курулушуна каражаттын 70% ын араб өлкөлөрүнөн келген демөөрчүлөр каржылап, 30% ын жергиликтүү калк чогулткан.

"Мүрөк-К" коомдук бирикмесинин жетекчиси төмөндөгүлөрдү билдирди:

- Сауд Аравиясынан келген демөөрчү Али Ассугайыр шаарыбыздагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн үй-шарты менен жакындан таанышып чыгып 13 үй-бүлөгө жардам кылып 100 доллардан акча берди. Учурда биз менен кызматташууга кол сунуп, "Мүрөк-К" коомдук бирикмеси аркылуу мечитти тазалык жаатынан камсыз кылууга даяр экенин билдирди. Эгер бул макулдашуу ишке ашса мечитке ай сайын чарбалык буюмдар, кир жуучу каражаттар менен камсыздалып турат. Учурда бир айлык чыгашанын суммасын эсептеп жатабыз.

 
 
Кароолор (1150)
 
 

 

Комментарийлер

Жээнбек Торобеков
07.10.2019 09:36

Спонсорлорго жана куруучуларга чоон Рахмат АЛЛАХ ыраазы Болсун Кара Куль шаарынын жалпы элине АЛЛАХ ыйман берсин

Гүлнара
07.10.2019 13:48

Мечиттин жасалгасы абдан кооз болуптур.

Наргиза
09.10.2019 20:44

Мэр аны коюп көчолөрдү карап алсынчы. Ала-Тоонун жанында комоктор жолго чыгып кетти. Жолдорду карабайт деп Ильястын үстүнөн иш козгогондо анан билет.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз

 



Top.Mail.Ru