Колдонуучу катары кирүү
 
 
 
Жарыялар
   

Биздин долбоорду колдоп, достор менен бөлүшүңүздөр

 

Президент С.Ш.Жээнбеков Кара-Көл шаарында
12:51, 18-октябрь 2019
Президент С.Ш.Жээнбеков Кара-Көл шаарында

Бүгүн, 18-октябрда шаарыбызга Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков кызматтык сапар менен келди.  Жолугушуу Токтогул ГЭСинде өттү. Алгач, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков өлкөбүздөгү электроэнергиянын азыркы абалы, өнүгүшү тууралуу маалымат берип,  Токтогул ГЭСтер Каскады Борбор Азиядагы эң ири ГЭСтердин катарына кирээрин белгилеп, ГЭСтеги жүргүзүлүп жаткан  реконструкция аталган ГЭСтин ийгиликтүү иштешин дагы 40 жылга узартаарын билдирди.  Ошондой эле, кыргыз энергетикасынын 85 жылдык юбилейи менен энергетиктерди куттуктап, Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасын, Президенттин энчилүү сааттарын тапшырды.

Кара-Көл шаарындагы Күрп-Сай ГЭСине мамлекеттик ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры Турдакун Усубалиевдин ысмын ыйгаруу чечимин колдогондугун билдирди.


 
Кароолор (1952)
 
 

 

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз

 



Top.Mail.Ru