Колдонуучу катары кирүү
 
 
 
Жарыялар
   

Биздин долбоорду колдоп, достор менен бөлүшүңүздөр

 

Биздин коопсуздугубуздун башкы сакчысы
08:46, 1-ноябрь 2019
Биздин коопсуздугубуздун башкы сакчысы

Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы полковник Нусубалиев Аркыт Абилович менен болгон маек.

- Саламатсызбы, Аркыт Абилович, өзүңүз жөнүндө, кесибиңиз жөнүндө айтып берсеңиз.

- Саламатсыңбы. Мен сөзүмдү “Көп жашаган билбейт, көптү көргөн билет” деген макалдан баштасам туура болсо керек. Ишти башынан өткөргөндө гана адамдын тагдырына түшүнө баштайт экенсин. Биздин эң негизги милдетибиз, бул кыргыз жарандарынын мүлктөрүн, укугун жана эркиндигин мыйзамдуу түрдө коргоо, шаарыбыздын тургундарынын, балдарыбыздын майрамда болобу же жөнөкөй күнү болобу коопсуздугун сактоо. Мыйзам чегинде биздин милдетибиз ушундай.

Мыйзамдан сырткары айта кете турган болсок. Ар бир милиция кызматкери ушул жерден айлык таап, үй-бүлөсүн багып, жумушубуз калк менен иш алып баруу болгондон кийин милиция кызматкелери адам менен гумандуу мамиле куруу болсо керек. Калкта “Милиция бизди коргойт” деген чоң ишеним болушу керек деп эсептейм. Ошого биз милиция кызматкерлери 24/7 убакыт, калктын укугуна, ден-соолугуна, тынчтыгына шарт түзүп бергенге милдетүүбүз! Бизге өзүңөр билгендей жөн жаран кайрылбайт. Жабыр тартып келген ар бир жаран үмүт, тилек менен келет. Кандай гана окуя болбосун (уурулук, уруп кетуу, тоноо) бизден ар бир милиция кызматкери чоң жоопкерчилик, адилетүүлүк менен иш жүргүзүшү зарыл! Биздин жумушка элибиз баа беришет.  

- Бул кесипке кандай болуп келдиңиз эле жана эмне үчүн ушул кесипти тандадыңыз?

- Бул кесип менин кичинекей кезимдеги кыялым. Биз бала чакта айылда “участкалык инпектор” бар эле анын кийген формасын, башына кийген фуражкасын көрүп алып суктанат элем, чоңойсом ушундай форма кийип тартип бузуучуларды кармап, “бандиттерди” камасам деп кыялданчумун. Мына жаштын тилегин берет дегендей, ошол жаш “участкалык инпектор” менин алдыга койгон максатыма жеткенге чоң түрткү болду десем жаңылышпайм. Ички иштер бөлүмүндө иштегениме быйыл 31 жылдын жүзү болду, ушул аралык ичинде 5 жерге жетекчи (начальник) болуп иштедим. Иш тажрыйбамды эң алдыңкы ыныным (принцип) “өзүм үлгү болуу”. Ынаным жөнүндө айта кетсем мен ойлойм, эгер сен жетекчи болсоң өзүң кечигип жүрүп, кол алдыңда иштегендерге кантип кечикпе деп айта аласын, бул туура эмес көрүнүш деп эсептейм. Ошол эле себептерден жамгыр, кар эмес таш жааса да өзүң биринчи келип өзүң үлгү болуп турсаң сага эл дагы, кол алдыңда иштеген кызматкерлериң дагы баа берип, “мен дагы ушундай болоюн” дешет. Өкмөттүн мага болгон ишеничи мен тараптан бузулбашы жана кемчиликке учурабашы абдан маанилүү. Мен өзүмө кандай талаптарды койсом, ошол эле талаптарды коомдук жумушта иштеп келе жаткандардан дагы талап кылам.    

- Милиция кызматкери болуу оңойго турбаса керек.

- Милиция кызматкери болуу – оор. Канчалаган кылмышкерлерди колго түшүрүп, нечендеген кылмыштардын бетин ачып, өз өмүрүн тобокелге салуунун аркасында кылмыштуулук менен күрөшүп келебиз. Милиция кызматкерлерине түн, күн, дем алыш деген көрүнүш жокко эсе. Биз 24/7 убакыт дайыма даяр болушубуз керек. Ошондо гана бизге эл ишенимин артып, элибиз туура баа берип, элибиздин кадыр-баркына ээ болобуз деп ойлойм.

- 31 жылдык иш тажырыйбаңыздагы эсиңизде калган кызыктуу окуялардын бирин айтып берсениз.

- Жумушубузда андай окуялар көп эле болот. Азыр эстей албай турам (ойлонуп). Кечээ жакындагы эле окуяны айтып берейин. Бир киши келип “короодогу велосипедим жоголду” – деп арыз жазып кетти. Барып териштирсек, көрсө өзүнүн эле баласы тээп кетип, кошунасыныкына токтотуп коюптур. Кыскасы ушундай окуялар көп болот.

- Кээде кесибинизди толугу менен таштап, башка жумуш менен алектенгиңиз келеби?

- Албетте келет, милиция кызматкерлеринин ар бирөөсүнө келсе керек деп ойлойм. Мен башта айта кеткендей эле жумуш физикалык, моралдык жактан оор, 24/7 убакыт бош болушубуз керек. Биздин жумуш ар мүнөттөн, секундадан көз каранды десем жанылышпайм.

- Акыркы окуялар жөнүндө айтып берсеңиз. Сизди кызматтан бошотушту эле, соттун чечими менен кайра кызматка келдиңиз. Кыргызстанда сот адилеттүүлүгү бар экенине ишенесизби?

- Кыргызстанда сот адилеттүүлүгү бар экенине толук ишенем. Сот адилеттүүлүгү бар болгону үчүн кайрадан жетекчилик кызматка келдим.

- Келечекке койгон максатыңыз кандай?

- Келечекке максаттарым элге ак дилден кызмат кылуу, милиция кызматкерлерине жакшы тарбия берүү, үлгүлүү жетекчи болуу.

- Маегиңизге чоң ыракмат.

 

Маектешкен Маменова Анара

 
Кароолор (1677)
 
 

 

Комментарийлер

Гүлнара
01.11.2019 09:29

Кесиптик майрамыңыз кут болсун, Аркыт аке.

Ulan
01.11.2019 10:05

Ишиңизге ийгилик. Азаматсыз.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз

 



Top.Mail.Ru