Колдонуучу катары кирүү
 
 
 
Жарыялар
   

Биздин долбоорду колдоп, достор менен бөлүшүңүздөр

 

Шаарыбыздын кулуну, маданият кызматкери М.А.Кошалиев менен маек
15:49, 4-ноябрь 2019
Шаарыбыздын кулуну, маданият кызматкери М.А.Кошалиев менен маек

- Саламатсызбы, Медетбек Абдуллаевич, өзүңүз жөнүндө айта кетсеңиз.

- Саламатчылык, сиздер келип бизге көңүл бөлгөнүңүздөргө биз абдан кубанычтабыз! Мен өзүм жөнүндө айтсам, мен Кара-Көл шаарынын кулунумун. Орто билимди Токтогул Сатылганов атындагы мектептен алып, ошол эле убакта балдар чыгармачылык үйүндө комуз бөлүмүн аяктагам. Андан кийин шаарыбыздын кесиптик лицейинин айдоочу бөлүмүндө окуп, Ош шаарынын Ниязалы Борошев атындагы мамлекеттик музыкалык окуу жайына тапшырып, 1998-жылы аяктагам. Ош мамлекеттик искусство институтун дагы ийгиликтүү аяктагам.

-Үй-бүлөңүз жөнүндө айта кетсеңиз.

- Үй-бүлөм бар. Үч кыз, эки уулду тарбиялап жатабыз. Кудайга шүгүр.

- Кара-Көл шаарыбыздын маданият үйүнө кандай болуп келип калдыңыз?

- Кара-Көл шаарына 2018-жылдын 30-августунда маданият, маалымат жана туризм министрлигитарабынан буйрук чыгып, ошондон бери шаарыбыздын маданият бөлүм башчысы болуп кызмат кылып келе жатам. Кудайкааласа бир жылдан ашып, экинчи жылга кетип бара жатат. Кудайга шүгүр,мен келгенден бери маданият үйүнүн ичи, сырты көптөгөн оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат, жаңылыктар бар өзүңөр көрүп тургандай. Кудайга шүгүр,алдыга койгон дагы максаттарыбыз чоң жана жакшы жаңылыктар болот деген үмүттөрүбүз чоң!

-Бул кесипти кандай болуп тандап калдыңыз?

- Бул кесипке бала чактан кызыгам, башта айтып кеткендей комуз чертем, аккордеон ойноп жана ырдайм. Музыкалык мектепке өзүм кызыгып баргам, кудай талант берген экен, берген өнөрдү, кудай берген талантты таштай албайт экенсиң. Ошону өркүндөтүп чыгармачылык чөйрөдө окуп, өсүү гана керекпи дейм. Мына бүгүнкү күндө маданият үйүнө кызмат кылып келе жатабыз.

- Тамада дагы болуп иштеп каласыз, ошол жөнүндө дагы айта кетсеңиз.

- Тамадычылык менен 2006-жылдан бери алектенем. Бул мен үчүн кесип эмес, менин хоббим десем жаңылышпайм. Кудайга шүгүр, элиме тойлордо кызмат кылып келем. Бул дагы колумдан келген өнөрлөрүмдүн бири. Бул өнөрдү таштай албайм, бирок эң негизги кесибим маданият кызматкери деп эсептейм.

- Алдыга койгон максаттарыңыз кандай?

- Алдыга койгон максаттарыбыз башта айта кеткендей чоң. Бирок муну, тигини кыйратам дегенден алысмын, кудайым буйруса ишке ашканда чогу көрөбүз. Күндөн күнгө максаттар, ойлор пайда боло берет экен. Эң негизгиси Кара-Көл маданиятына чоң салымыбызды кошобуз деген ойлорубуз бар.

- Кесиптик майрамыныздарга карата кандай иш-чаралар болот?

- Айлыгыбыз аз болсо да, элибизге талыкпай кызмат кылып келебиз. Мен жалпы маданият кызматкерлерине маданият бөлүм башчысы катары ыраазычылык билдирем. Ишибизди дайыма ийгиликтер коштосун, урматтуу кесиптештер!

Бизде болсо бул күнгө карата концерттик программа, мактоо баракчалар мэрия тарабынан бар. Ушул маданият кызматкерлеринин кылган ишин, эмгегин, үзүрлөрүн баалап жакшы сыйлоо аземин өткөрөбүз. Кудай кааласа 4-ноябрь күнү биздин маданият күнүнө карата чоң иш-чара өткөрөбүз.

- Сизге чоң ыракмат, ишиңизге ийгилик! Жалпы маданият кызматкерлерин кесиптик майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!

Маектешкен Маменова Анара

 
Кароолор (750)
 
 

 

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз

 



Top.Mail.Ru