Колдонуучу катары кирүү
 
 
 
Жарыялар
   
Дүйнө жүзүндө айкөл Манастын канча эстелиги бар?
10:46, 4-декабрь 2019
Дүйнө жүзүндө айкөл Манастын канча эстелиги бар?

"Манас" эпосу дүйнө жүзүндөгү эң чоң поэма болуп эсептелет. "Манас" эпосу кыргыз элинин энциклопедиясы, кыргыз элинин сыймыгы. "Манас" эпосу дүйнөдөгү эң көлөмдүү эпос катары Гиннес китебине жана материалдык эмес маданий байлык катары ЮНЕСКОнун тизмесине киргизилген. Бүгүн айкөл Манастын урматына тургузулган дүйнө жузүндөгү эстеликтери тууралуу сөз кылмакчыбыз.

Түркия

Стамбул шаарынын Халич районундагы Сүтлүже сейил багына айкөл Манастын эстелиги 2017-жылы тургузулган. Айкелди кыргызстандыктар өзүнүн демилгеси жана каржылоосу менен жасатып, койдуртушкан.

Сүтлүже паркында 1458-жылы курулган Эйүп Султан мечити, Миниатүрк музейи жана башка көптөгөн Түркиянын тарыхый имараттары жайгашкан.

Россия

Эстелик Москва шаарынын дружба сейил багында жайгашкан. Эстеликтин монументин архитекторлор менен скульпторлордун тобу - Ж.Кадыралиев, Б.Садыков, Т.Медеров, Д.Жолчуев, Д.Ырыскулов, А.Насиридинова, М.Склярова иштеп чыгышкан. Жыл сайын кыргызстандыктар эстеликтин айланасында ишембилик өткөрүп келишет.

Кытай

Кызыл-Суу кыргыз автономдук облусунун Улуучат шаарында айкөл Манас жана анын 40 чоросуна эстелик тургузулган. Бул облустагы эң ири айкел болуп, аны жасоо жана тургузуу иштерине жалпысынан 5 миллион юан сарпталган. Бул эстеликтин жасоодо жардам көрсөтүү үчүн Кыргызстандан сүрөтчүлөр жана манас таануучулар гана чакырылган. Ал эми айкелди тургузуу дагы материалдарды Кытай тарап толугу менен каржылаган.

Кыргызстан

Өлкөбүздү ала турган болсок Бишкек, Ош, Баткен, Кызыл-Кыя шаарларында жана Аксы районунда Манас атабызга эстеликтер тургузулган.

Жасалып жаткан долбоорлор

Кыргыз Өкмөтүнүн демилгеси менен Казакстандын Астана шаарына жана Индиянын Дели шаарындагы Манас проспектисине айкөл Манастын эстелигин куруу иштери каралган. Учурда казак тарап айкелди орнотууга жер тилкесин кароодо, ал эми Индияда айкелди курууга жергиликтүү курулуш компанияларынын бири демөөрчүлүк кыларын билдирген.

Урматтуу окурман, эгер сиз башка да эстеликтер бар экенин билсеңиз комментарийге жазыңыз.

 
Кароолор (296)
 
 

 

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз

 



Top.Mail.Ru