Колдонуучу катары кирүү
 
 
 
Жарыялар
   

Биздин долбоорду колдоп, достор менен бөлүшүңүздөр

 

Кара-Көл шаары

Кара-Көл шаары - дубандын борбору Жалал-Абад шаарынан 175 км түндүк-батышта, Таш-Көмүр темир жол бекетинен 78 км аралыкта.

1962-жылы 16-июнда Токтогул ГЭCин куруучулардын шаарчасы катары негизделген. 1962-жылы 26-октябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Президиуму менен Кара-Көл атын алган. 1977-ж. 17-январда шаар статусуна ээ болгон.

Нарын дарыясынын сол жээгинде, Бишке—Ош жолунун боюнда. Климаты континенттик; январдын орт. температурасы —3°C, июлдуку 23—25°C. Жылдык жаан-чачыны 300—500 мм. Калкы 24 миң (2001); көп улуттуу, негизинен кыргыз (94,3%), орус (3,4%), өзбек (0,7%), татар (0,7%), азербайжан, белорустажикармян, украин, казактар ж.б. жашайт.

Азыркы шаар жайгашкан жер Жазы-Кечүү деп аталган. Малга жайлуу болгондуктан, жергиликтүү эл негизинен мал чарбачылык менен тиричилик кылган. Айрым жерлерге жүгөрү, таруу, шалы (күрүч) эгишкен. Кеңеш бийлиги орногондон кийин колхоздоштуруу башталып, эки колхоз түзүлгөн (Фрунзе жана Молотов атындагы). 1950-жылдары эл чарбасын өнүктүрүү үчүн пахта өстүрүү колго алынып, Жазы-кечүү айылынын калкы Ноокен ооданынын аймагына көчүрүлгөн.

1960-жылдары Токтогул ГЭCинин курулушу башталган. 1962-ж. куруучулар үчүн мурдагы айылдын ордуна турак жайлар курулуп, мектеп, үйлөрдү жылытуучу буу казаны, коомдук тамактануу, мед. тейлөө мекемеси, мончо, байланыш бөлүмү ишке кирген. Кийинки жылы 25 миң м2 болгон турак жайлар, турмуш-тиричилик жактан тейлөө комбинаты, бала бакча, бейтапкана ж.б. бүткөрүлгөн. Маданият үйү бар. Учурда Кара-Көл шаарында Токтогул ГЭCинин каскады, «Достук заводу», «Нарынгидроэнергиякурулуш», «Гидромонтаж» ж.б. 12 акционердик коом иштейт.

Кара-Көл шаары Бишкек—Ош автомобиль жолунун боюнда жайгашкандыктан Кыргызстандын бардык аймактары менен байланышта. Автобус (Каракөл—Жалал-Абад, Каракөл—Токтогул, Каракөл—Өзгөрүш) үзгүлтүксүз каттайт.

Шаарда 6 орто, 2 негизги мектеп, музыкалдык мектеп, балдардын чыгармачыл үйү, 2 китепкана, 4 бала бакча, спорт мектеби, ошондой эле И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин филиалы Кара-Көл техникалык институту.

Кесиптик-техникалык окуу жайы, «Кайыңды» эс алуу лагери (жылына 600—800 бала эс алат), «Энергетик» спорт комплекси (200 орундуу, күрөш, каратэфутбол ж.б. спорттун түрлөрү менен машыгышат) иштейт, ошондой эле маданият үйү да бар. Кара-Көл шаардык борборлоштурулган ооруканасында 398 киши эмгектенет (а. и. 86 врач, 137 мед. орто билимдүү адистер), андан сырткары 4 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, 2 фельдшер-акушердик пункт, төрөт үйү бар.

 

 



Top.Mail.Ru